Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын жаны орун басары болуп Буржуев Азамат Чолпонбекович дайындалды. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.
Ага чейин бул кызматты Омуралиев Мирлан Жумабекович ээлеп келген. Премьер-министрдин буйругуна ылайык, ал кызматынан берген арызынын негизинде бошотулду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ