Кесиптик милдеттерин ак ниет аткаргандыгы үчүн, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланды:
– Алымбаев Эрнис Темирканович, «Sputnik-Кыргызстан» маалымат жана радио агенттигинин атайын долбоорунун продюссери;
– Асымова Дамира Эсенгуловна, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын режиссеру;
– Жумабекова Нургүл Жумабековна, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Ала-Тоо 24» телеканалынын атайын кабарчысы;
– Мурзалиев Кылычбек Мураждинович, Кыргыз Республикасынын «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директорунун орун басары;
– Черникова Вера Михайловна, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Ала-Тоо 24» телеканалынын баяндамачысы.
Буга катар Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан төмөндөгүлөргө алкыш жарыяланды:
– Бараканова Айгерим Калысбековна, Кыргыз Республикасынын «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын кабарчысы;
– Баялиев Мырзабек Алымкулович, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын жогорку категориядагы оператору;
– Калдыбаева Салтанат Ишеновна, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиосунун» өз кабарчысы;
– Нусубалиева Замира Асылбековна, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиосунун» жооптуу редактору;
– Орозматов Акылбек Адылбекович, Коомдук аймактык «Ынтымак» телерадиокомпаниясынын программалык директору;
– Рахманов Кулчун Баратбаевич, Кыргыз Республикасынын Нарын облустук мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын редактор-баяндамачысы;
– Султанов Нуркул Сатыбалдиевич, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Республикалык радиотелеборбор» мамлекеттик ишканасынын атайын жарыктандыруу цехинин экинчи категориядагы инженери;
– Сырдыбаева Кундуз Сагалыевна, Кыргыз Республикасынын «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын аймактык кабарчысы;
– Төлөнова Гүлмира Аманкуловна, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Республикалык радиотелеборбор» мамлекеттик ишканасынын башкы экономисти;
– Хакимова Гүлбахар Рахимжановна, «Марал» телерадиокомпаниясынын кабарчысы;
– Шакенова Аида Жумагазиевна, Кыргыз Республикасынын «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын журналисти;
– Яценко Юлия Сергеевна, Кыргыз Республикасынын «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын продюсери.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ