Menu

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы кошумча түрдө 169 штаттык бирдикти киргизди

Бөлүшүү:

Премьер-министр Сапар Исаков Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссиянын кеңешмесин өткөрдү. Комиссия мүчөлөрү мурдагы кеңешменин учурунда берилген тапшырмалардын аткарылышын талкуулады, – деп маалымдалды.

Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин  Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы (ЖККББ) кошумча түрдө 169 штаттык бирдикти киргизген. Башкы башкармалыктын начальниги Канат Жумагазиевдин айтымында, кызматкерлердин жана техникалык мүмкүнчүлүктөрдүн жетишсиздигине байланыштуу көптөгөн жол тилкелеринде жол коопсуздугу тийиштүү түрдө камсыздалган эмес.

Андан соң Канат Жумагазиев ЖККББ жетекчилиги тарабынан өлкө аймактарына чыгуу менен жер-жерлердеги жеке курамдын иши, алардын жол кыймылы кооопсуздугун жөнгө салуучу учурдагы мыйзамдарды, тийиштүү ченемдик документтерди, жол эрежелерин билүүсү текшерилгендигин маалымдады.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, башкы башкармалык акыркы эки жума ичинде кызматкерлерди кошумча окутуудан өткөрүүдө.

ЖККББ маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө бардык кызматкерлер жаңы форма менен касыздалган. Ошондой эле 2018-жылдын 1-январынан тарта Башкы башкармалыктын расмий веб-сайты иштөөдө жана WhatsApp мобилдик тиркемеси аркылуу жарандар менен кайтарма байланыш түзүлгөн. ЖККББ социалдык тармактарда жарыяланган жол эрежесин бузуулар тууралуу маалыматтарга жооп кайтаруу боюнча активдүү ишти баштады.

Буга катар 2018-жылдын 9-январынан тарта унаалардын тийиштүү эмес аймактарда токтотулган фактылары боюнча дөңгөлөктөргө блокиратор коюу, транспортук каражаттарды күчтөп эвакуациялоо жана аларды атайы токтотуучу жайларга жеткирүү боюнча иштер башталган.

Ошондой эле Канат Жумагазиев маалымдагандай, жол инфраструктурасын иликтөө натыйжасы боюнча жолдорду жана көчөлөрдү жарыктандыруу, жол белгилерин коюу, светофорлорду орнотуу, ошондой эле унаа жолдорун оңдоо боюнча жергиликтүү бийлик органдары менен активдүү иш башталды.

Кеңешме катышуучуларынын суроолоруна жооп берүүдө Канат Жумагазиев Башкы башкармалык кызматкерлери тарабынан айдоочуларды негизсиз токтотуу рейддик иш-чаралар жүргүзүлгөн учурда, ошондой эле жолдордогу тоскоолдуктар тууралуу айдоочуларга эскертүү максатында гана жүргүзүлөөрүн белгиледи.

Ошол эле учурда Премьер-министр Сапар Исаков айдоочулардын жолдогу жоопкерчилигин жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.

«Башкы башкармалык кызматкерлери жол кыймылы катышуучуларын негизсиз токтотпоосу боюнча такталган тутум иш алып барышы керек, ал эми айдоочулар өз кезегинде жеке жоопкерчилигин сезип, жол эрежесин бузбоосу шарт. ЖККББ кызматкерлеринин бардык аракеттери так регламентке баш ийиши керек», – деп белгиледи Сапар Исаков.

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Нурбек Абасканов азыркы тапта жол коопсуздук эрежелерин бузуулар тууралуу администрациялык документтерди жеринен түзүү процессин автоматташтыруу максатында ЖККББ кызматкерлери үчүн мобилдик программалоону камсыздоону киргизүү маселеси иштелип жатканын маалымдады.

Анын айтмында, учурдагы мыйзамга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча, ошондой эле аталган тиркемени башка тийиштүү мамлекеттик органдардын системасына интеграциялоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Өкмөт башчы белгилегендей, тийиштүү программалык камсыздоону иштеп чыккандан кийин ЖККББ кызматкерлери үчүн планшеттик компьютерлер сатылып алынып жана аталган тутумду пилоттоштуруу башталат, ага байланыштуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине бул багыттагы иштерди 2018-жылдын жаз айларына чейин жыйынтыктоо тапшырмасын берди.

«Азыркы учурда «Таза Коом» программасынын алкагында КР Өкмөтү тарабынан иштелип жаткан програмдык камсыздоо ЖККББга жол эрежесин бузган жарандардын айдоочулук күбөлүгүн албай коюга мүмкүндүк түзөт. Айдоочулук күбөлүктү алуу ведомстводогу эң чоң коррупциялык фактор болуп эсептелет. Планшетте камтылган маалыматтар базасына протоколдорду кийирүү тутуму жөнгө салынгандан кийин ЖККББ кызматкери айдоочу күбөлүктү албай, мыйзам бузууну гана каттоого алат. Ар бир мыйзам бузуу боюнча унаа айдоочуларга балл берилет. Жазалоо дагы алынган баллдардын негизинде жүрөт», – деп түшүндүрдү Өкмөт башчы

Анын айтымында ЖККББ кызматкерлеринин планшеттериндеги маалыматтык базада айдоочу, автоунаа, жол эрежесин бузуулары, төлөнгөн жана төлөнбөгөн айыппулдар тууралуу маалыматтар сакталат.

«Айдоочулар тарабынан жол эрежесин бузууларды фиксациялоочу автоматташтырылган система коррупцияны жоюуга көмөк көрсөтөт, ал өз кезегинде жол кырсыгын азайтууга алып келип, жол коопсуздугун жана жол инфраструктурасын жакшыртуу үчүн бюджеттин толукталышына, айдоо маданиятын жогорулатууга жана айдоочуларга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет», – деп белгиледи Сапар Исаков.

Премьер-министр Комиссиянын жыйындары үзгүлтүктүз негизде өткөрүлүп тураарын, ага байланыштуу анын отурумдарында жол кыймылы коопсуздугу маселелерин жөнгө салган ченемдик-укуктук актылардын маанилүү долбоорлору каралат деп белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: