Menu

Эмомали Рахмон: Тажикстан коңшуларга эч качан маселе жараткан эмес

Бөлүшүү:

Тажикстан эч качан коңшуларына көйгөй жараткан эмес жана аймактагы өлкөлөрдүн интеграциясына, экология менен суу ресурстары боюнча маселелердин тынч жол менен чечилишине умтулат. Бул тууралуу Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Өзбекстан премьер-министри Абдулла Арипов менен болгон жолугушуу учурунда билдирди.

Тажикстан башчысы менен Өзбекстандын премьер-министри эки өлкө ортосундагы соода чектөөлөрүн жоюу, жарандарды чек арадан өткөрүү системасын жеңилдетүү, темир жол байланышын калыбына келтирүү, мина көмүлгөн чек ара аймактарын тазалоо маселелерин талкуулашты.

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов 10-январда Тажикстанга жумушчу сапар менен келген. Сапардын алкагында Душанбеде Тажикстан менен Өзбекстандын соода-экономикалык өкмөттөр аралык комиссиясынын бешинчи отуруму өттү.

Бул арада Мирзиёев Душанбеге жазында келери маалымдаган. Буга чейин өзбек президенти Тажикстан менен достук мамиле жөнгө салынарын билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: