Menu

Түркмөнстанда 300 миллион долларга мейманкана курулат

Бөлүшүү:

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов Ашхабадда заманбап, кымбат мейманканаларды куруу тапшырмасын берди. Мамлекеттик ТДХ маалымат агенттигинин билдиришинче, түркмөн лидери мындай чечимди 9-январда шаарды тик учак менен айланып чыккандан кийин кабыл алган.

Расмий басылма кабарлагандай, жаңы мейманканалардын бири шаардагы эл аралык аэропорттон алыс эмес жерде курулат. Объект 6,9 гектар жерде жайгашып, 90 номурлуу 9 кабаттан турат. Мындан тышкары соода борбору, ресторан жана маараке өткөрүү залдары, иш бөлмөлөрү болот. Бердымухамедовдун сунушу менен мейманкана “Каракум” деп аталат.

Экинчи мейманкана Иран менен чектеш Копетдаг тоо кыркаларынын этегинде жайгашат. Бул объектилердин наркы тууралуу расмий маалыматтар бериле элек. Ким тарабынан жана качан курулары дагы айтылган жок.

“Азаттыктын” өз булактары маалымдагандай, “Каракум” мейманканасын куруу укугу тендерсиз эле “Буиг” француз компаниясына берилген. Анын наркы 300 миллион доллар турат.

“Буиг” (Bouygues) Түркмөнстанда 1993-жылдан тарта иштеп баштаган. Компания курган объектилердин арасында Түркмөнстандагы президенттик сарай, парламент имараты, “Йылдыз” беш жылдыздуу мейманканасы бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 14 = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: