Menu

Сапар Исаковдун ордуна Абдил Сегизбаевдин келиши күтүлүүдө

Бөлүшүү:

Кадр саясатынын ашмалтайы чыгып, экономикалык-социалдык, өндүрүштүк багыттардан аксаган өкмөттүн иши барган сайын сазга батып баратат. Албетте, образдуу түрдө айтканда. Ал эми эксперттер жазга карай ИДПдагы жоготууларды ачык көрсөтүү менен кедерибизден кеткенибизди, Кыргызстан «саз аралчасына» батканы калганын айкындашканы калышты…

Дал ушундай кырдаалда, өкмөттүн «бала бакча» саясатын өзгөртүү үчүн асыресе, элибиздин оор жүгүн тартып кетүүгө алыстан эмес, УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевдин келиши күтүлүүдө. Абдил мырза Алмазбек Атамбаевдин тапшырмаларын так аткарган, ишенимдүү жанжөөкөр катары сынактан өткөн. Эң башкысы, ал УКМКны татыктуу түрдө, жогорку профессионалдуулукта башкарды. Ооба, душмандарды камады. Анын милдети ошол болчу. Өтөөсүнө чыкты. Команда үчүн иштеди.

Эми Сапар Исаков өкмөт башчы катары жүктү сүйрөй албай атканына баары күбө. Ордуна Абдил Сегизбаевди премьер-министр кылууга АША да, Соке да ниеттенип, «балапанды» кетирүүгө белсенишиптир. Ал эми УКМКга Сооронбай Жээнбековдун аппаратында иштеген түштүктүк жигит келе турганы болжонууда. Бир эсе Төө-Ашуунун ары жагынан келген саясый эли­та, аксакалдар да ушул кадрдык өзгөрүү менен тынчып калышса керек. «Мына, УКМКга өзүбүздүн баланы койдук» деген кеп кетет да… Баланс ошентип сакталат…

Сыягы, Сапардын башын Абдил «жутканы» калды…

Арстан АЛГЫРБЕКОВ

Булак: Азия Ньюс 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 + = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: