Menu

Суваналиев Ысык- Көл облусунун губернатору болууга мезгил келди

Бөлүшүү:

Кыргызстан дүйнөлүк аренага туризм менен даңазаланышы керек эле. Тилекке каршы, туристтик сезондун көркүн ача турган Ысык-Көл облусунун жетекчилиги ар убак аксап келет. Бу саам «мурда ОПГ чөйрөсүнө жакын» делген Узарбек Жылкыбаев губернатор болуп отурса, анан кайдагы чет элдиктер келмек эле?

Кептин ток этерине келсек, генерал Өмүрбек Суваналиевди жогорку жетекчиликтер элдин кызыкчылыгы үчүн Ысык-Көл облусуна башкы жетекчи ка­тары жөнөтүүсү зарыл. Мурда Нарын облусун жетектеген «Ко­миссар Катани» Арпа, Ак-Сайды кытайларга бербей сактап калга­ны, ошого катар кримчөйрөдөгүлөрдү Теңир-Тоодон кууп чыкканы эсибизде. Андыктан, Су­ваналиев ушу тапта Ысык-Көлгө губернатор болсо, элдин таза жүзү катары көрк бермек. Көчмөндөр оюнун чагылдырып, бүтүндөй туризмге эл аралык чөйрөдөгү бренд катары элибиздин улуулугун даңазалайт болчу. Дал ушундай иштермандарды неге өгөйлөйбүз? Мезгил келди, мамлекет үчүн иштей турган кадрларды тандайлы…

Кубат Карачев

Булак: Азия Ньюс 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − 69 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: