Menu

Рыскелди Момбеков, КСДП фракциясынан ЖК депутаты: «Эртең «Сооронбай» деген арак, «Дастан» деген сигарет чыкса эмне болот?»

Бөлүшүү:

Рыскелди мырза, сиз алкоголь ичимдиктерин рекламалоо жөнүндөгү мыйзамды чирик мыйзам катары мүнөздөдүңүз. Эмне үчүн андай деп ойлойсуз?

-Эч нерсеге негизделбеген мыйзамды алып келишип, элдин башын оорутуп жатышат. «Биз видеобайкоо менен текшеребиз» дейт дагы, кайра «бул текшерүү болуп эсептелбейт» дейт. Муну кандай түшүнсөк болот? «Мамлекеттик тилди коргоо максатында иштеп чыктык» дешет. Анда, жарнактарды жөнгө салышпайбы. Жарнактардын баары биринчи мамлекеттик тилде, анан расмий тилде, мамлекеттик тилдегиси чоң тамгалар менен болушу керек. Булар аны да билбейт. Өткөндө экинчи окууда мына, «Атамбай» деген арак чыкты, «Парламент» деген тамеки, «Президент» деген арак, «Семетей», «Сейтек» деген коньяктар бар дегем. Ушуларды көзөмөлдөгөндүн ордуна булар таптакыр башка нерсени жазып алып келишкен. Ошондо мен экинчи окууда айткан сунуштарымдын бири да эске алынбаптыр.

Булар деле ошолорду мониторинг кылып, чара көрөлү деп атышпайбы?

-«Манас» эпосу тууралуу мыйзам бар да. Ошонун негизинде эле жөнгө салып коюшса болот болчу. Уруксат бербей коюш керек эле. Булар эчтеке кылышкан жок.

Сиз өзүңүз көрдүңүзбү,чын эле «Атамбай» деген арак бар бекен?

-Бар. Бул эми… «Назарбай» деген арак жок да. Эртең «Сооронбай» деген арак, «Дастан» деген сигарет чыкса… Башка аталышта, «Ала-Too», «Тянь-Шань», «Сары Өзөн» деп чыгарып, жаратылышты даңазаласа болбойбу. Жарнак деген – бул мактоо. Бизде мазактоо катары кабыл алынып жатат.

Керим Мурас

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 + = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: