Menu

Жанар Акаев, ЖКнын эркин депутаты: “Улуу көчтүн жолундасыз, Канат мырза!”

Бөлүшүү:

Жанар мырза, Канатбек Исаевдин бүгүнкү тагдыры боюнча аттуу-баштуулардан пикир алып аттык эле. Сиз сөз баштап берсеңиз?

-Канатбек Исаев жөнөкөй киши эмес. Ал өлкөбүздөгү бакыйган ири партиянын лидери. Жаштыгына карабай кезегинде Токмок шаарына мэр болду, Чүй облусунун губернаторлугун аркалады. Кыргыз парламентинин эки жолку чакырылышына депутат болуп, коалициялык көпчүлүктүн лидери болуп турду. Кыргыздын эр жүрөк, намыстуу инсанына карата эмнеге ал Токмок шаарына мэр болуп турганда кылмыш ишин козгошкон эмес? Ошончо жылдан бери унчукпай, тымпыйышып, качан гана Ка­натбек Исаев бийликке сын айтып баштаган соң илгерки ишин көтөрүп, кылмыш ишин козгошкону анык саясый куугунтук эмей эмне? Канатбек Исаев өткөн президенттик шайлоодо Өмүрбек Бабановго кошула койгону үчүн, бийликке каршы сын айтып койду деп камап, ага дагы алымсынышпай, мойнуна 12 жылдык оор жаза илишкени,муну менен эле чектелбей үй мүлкүн кошо конфискация кылууга кадам салгандары өтө чекилик, туура эмес. Бул жаза абдан эле оор, мындай болбошу керек. Ага карата тагылып жаткан бир дагы далилдүү айып жок. Биз мындай болуп-толуп турган тажрыйбалуу мамлекетчил инсандын күчүн алгандын ордуна ага карата куугунтук кылганыбыз абийир алып келеби? Мен ишенем, эртели-кеч Канатбек Исаев баары бир акталат. Ошондо бүгүн адам тагдырын каалагандай калчагандар жооп бериши керек. Мындай инсан мамлекетке эч качан кыянаттык кылбайт. Мындай шартта кыргыз­дын намыской жигитине бекем эрк, кайраттуу дух каалайм! Улуу көчтүн жолундасыз, Канат мырза! Башты жерге салбаңыз!

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 62 = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: