Ислам Каримов фонду Өзбекстандын биринчи президентинин бир тууган ага-инилери менен түшкөн мурун белгисиз болгон сүрөтүн жарыялады.
Ал сүрөткө 27 жаштагы Ислам Каримов (солдон үчүнчү) бир туугандары Куддус, Ибодулло жана Хуршид менен түшкөн. Сүрөт 1965-жылы Самарканд шаарында тартылган экен.
Буга чейин Ислам Каримов фонду анын ата-энесин 4 баласы менен түшкөн сүрөтүн да жарыялаган.
Бирок сүрөт менен кошо анын бир туугандарынын тагдыры тууралу маалымат берилген эмес.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ