– ӨмүрбекБабановдун бийликке чөк түшүп, депутаттык мандатын таштап, ага удаа саясаттан кетүүсүнө кандай кез караштасыз?
– Өмүрбек Бабановго эки жолдун бирин тандоо үчүн кысым көрсөтүлдү окшойт. Ал бирөөнү тандады. Менимче ал «саясатка кайра кайтып келүү үчүн саясаттан кетти». Бул тактикалык жактан туура жол.
– Менимче Атамбаев жаңы президент Сооронбай Жээнбеков үчүн негизги атаандаштарынын алдын башын алып, артын кынга киргизгендей саясатын жүргүзүп берди. Мындай темп менен алдыдагы 6 жылдыкта Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун бийлигине баш көтөргөн тыңгылыктуу оппозиция болобу?
– Бир акылман «демократия заманында бийликке дайыма оппозиция болуш керек, болбосо түзүш керек» деп айткан. Бизде азыр анча-мынча оппозиция болгонун тынчытуу аракети жүрүүдө. Муну менен азыркы бийлик демократияны өнүктүрүүгө балта чабууда.
Калыгул Бейшекеев
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ