Menu

Дилмурад Бабаевдин президентке кайрылуусу: Менин жана үй-бүлөмдүн өмүрү коркунучта

Бөлүшүү:

 Кыргыз Республикасынын Президенти

С. Жээнбековго

Жогорку Кеңешинин төрагасы

Д. Жумабековго

 Премьер-министр

С. Исаковго

 Башкы прокурор

И. Жолдубаевага.

Кайрылуу

Элдин, мамлекеттин мүлкүн каалагандай талап-тоноп, кылмыш иштерине чырмалган кишилер тарабынан мени жана менин балдарымды өлтүрүү, менин үй-бүлөмө каргашалуу зыян алып келүү аракеттери болуп жатат. Мен – 1986-жылы 2-апрелде туулган Бабаев Дилмурад Алдашбековичти жана менин үй-бүлөмдү ушул коркунучтан сактап калууңуздарды суранамын!

Эгер Сузак районунан же Жалал-Абад областынан мага жана менин үй-бүлөмө кепилдик бере ала турган бийлик же башка күчтөр болсо, эгерде мен аларга ишенсем, анда Сиздерге кайрылып убара болбойт элем. Коомчулук өкүлдөрү да, мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү да мындай жардамды жогорку бийлик өкүлдөрү гана бере алыша турганын айтышты. Арга кеткенда гана Сиздерге кайрылып жатам. Жергиликтүү бийликтердин алсыздыгы же алардын кылмышкерлерге кошулуп, жуурулушуп кеткени мени ушуга гана түртүп жатат.

Сиздерге кайрылып жатканымдын негизги себеби төмөнкүдөй: Менин атам Бабаев Алдашбек 2012-жылы 9-июнда каза болуп калды. Ал оокаттуу, колунда бар киши эле, ошондуктан да аны көпчүлүк сыйлап-урматтап турушчу. Атам каза болгондо мурда анын таанышы катары эсимде калган Исмаилов Дилшодбек Эгембердиевич батага келип, мага жана менин үй-бүлөмө жардам берем деп, ишеничке кирди. Кайгы азасын тартып турган адамды жакшы сөз менен өзүнө жакындатуу оңой болот экен, ага ишенип калдым.

Бир нече күндөрдөн кийин ал мага жолугуп, эмне иш жасап жатканымды сурады. Менин туруктуу жумуш ордум жоктугун билип, чогуу бизнес жасоону сунуш кылды. Анын айтышы боюнча, эгер ага кошулсам, Кытайдан чогуу товар алып чыгып, пайдага тунмакпыз. Ойлонуп көрөрүмдү айттым, бирок бир нече күндөн кийин үйүмө келип, сунушун дагы айтты. Мен чогуу бизнес жасаганга канча үлүш кошуум керектигин сурадым. Ал 2 (эки) миллион сом кошсом, мага Кытайдан бир контейнер товар алып чыгаарын айтты. Менде андай суммадагы акча жок эле. Ал болсо, үйдөгү мал-мүлкүмдү сатууну сунуш кылды, аны үчүн короодо турган эски МТЗ-82 тракторун да сатуум керек экен. Ал мени кайра-кайра кызыктыра берди. Мен макул болдум, бирок, мындан кабардар болгон апам Абдураимова Малика буга караманча каршы болуп туруп алды, ага мен көнбөй, мал-мүлктү сата баштадым.

Эртеси күнү Д. Исмаилов жээни Акмал Исмаилов менен үйүмө келип, 17 баш саан уйдун ар бирин 45 (кырк беш) миң сомдон баалап, жалпы суммасы 765  (жети жүз алтымыш беш) миң сомдук, 32 баш койлорумдун ар бир башын 6 (алты) миң сомдон баалап, жалпы суммасы 192 (бир жүз токсон эки) миң сомдук малымды алып кетишти.

Албетте, бул аздык кылды, дагы 1 миллион 43 миң сом табыш керектигин айтты. Ал Кытайдан бир контейнер товар алып чыгышса, менин көп пайда табарымды кайра-кайра айтып жатты. Мен ага ишенип, үйдө турган Т-28 маркасындагы тракторумду 250 (эки жүз элүү) миң сомго, короодо өсүп турган 280 түп теректердин ар бирин 1500 (бир миң беш жүз) сомдон, жалпы суммасы 420 (төрт жүз жыйырма) миң сомго баалап, өткөрүп бердим.

Арадан эки күн өткөн соң жетпеген сумманы толуктап берүү үчүн тууганым Матхаликов Аширбектен 400 000 (төрт жүз миң) сом карыз алып, Д. Исмаиловдун колуна санап бердим. Ошентип, ал чогуу бизнес жасоо, чогуу пайда көрүү үчүн менден 2 000 000 (эки миллион) сом каражатты толугу менен алган. Эми чындап шерик болдук деп, ал мени менен кол алышты. Контейнер 1 айдын ичинде келерин билдирди.

Арадан бир ай өттү, Д.Исмаиловго барып, контейнердин кабарын сурадым. Ал товарларды бир таанышы алып чыгып, качып кеткенин кабарлады. Мага 2 ай убакыт берүүмдү, менин акчаларымды кайтарып берерин убада кылды. Мен дагы ишенип калдым. Бирок, 2 айдан кийин деле кабар болбоду. Анан мен анын үйүнө барып, акчаны талап кылдым, болбосо тийиштүү органдарга кайрыла турганымды айттым. Муну уккан Д. Исмаилов жээндери Исмаилов Акмал жана Исмаилов Артык үчөөлөп үйүндөгү сарайына сүйрөп киришти, колу-бутумду матап байлашып, катуу сабашты. Чекеме пистолетти такап, ким-бирөөгө арыздана турган болсом, мени өлтүрө тургандыктарын айтышты. Алардын сарайында байланып эки күн жаткан соң, аларга жалынып кутулуштун айласын издедим. Эч кимге арызданбай турганымды айтып, убада бердим. Алар мени жана менин үй-бүлөмдү өлтүрө тургандыктарын, үйүмдү өрттөп жиберишерин айтышып, мени бошотушту. Мен коркуп, эч кимге айтпай жүрдүм. Себеби, түндөсү мамлекеттик номери жок машиналар келип, үйүмдү айланып, акмалап жүрүштү.

Апам Абдураимова Малика менден үйдөгү мал-мүлктү сурап, тажата баштады. Мен бир чети коркуп, бир чети тажап, аргасыздан Бишкекке кетип калдым. Бир күнү апам мага телефон чалып, Д. Исмаилов тууганы Исмаилов Расул менен бизге караштуу жер участкаларын ар кимдерге сатып жатканы тууралуу кабарлады. Туугандарым да мени айылга чакырышып, коркпой келе беришимди, алар коргоп калышарын айтышты. Аларга ишенип айылга келсем, атамдан калган 10 гектар сугат аянттагы жерди Өзбекстандан өтүп келген кишилерге мыйзамсыз документтерди жасалгалап, бир четинен сатып жиберишиптир. Ар бир участканы орточо 160 (бир жүз алтымыш) миң сомдон сатышкан экен. Ал эми жер сатып алгандар ал жерге там сала башташыптыр.

Исмаиловдордун мындай өкүм-зордугуна чыдабай, апам Сузак райондук прокуратурасына арыз менен кайрылды. Бирок, Д. Исмаилов прокуратураны акча менен жаап салып, апам эми областтык ички иштер башкармасынын бешинчи бөлүмүнө, Мырзаканов Замирбек аттуу кызмтакерге арыз менен кайрылды. Ал мындай мыйзамсыздыктарды аныктап, кылмыш ишин козгоо боюнча арызды Сузак рйондук прокуратурасына жөнөттү. Ошентип, биздин арызыбыз кайра эле каралбай кала берди.

Тескерисинче, тийиштүү органдар, башкача айтканда, Сузак районундагы Атабек айыл өкмөтү, Сузак райондук мамкаттоо органы биригип келип, бизге тиешелүү 10 гектар жер аянты кезегинде мыйзамсыз берилген экен дешип, колубузда тийиштүү документтер, мамлекеттик акты турганына карабастан сотко кайрылышты. Алар жерди мыйзамсыз сатып жиберген шылуундарга карата мыйзам чараларын көрүшпөй, бизге каршы иш жасашканына таң калдык.

Ал эми Жалал-Абад райондор аралык соту бизге берилген мамлекеттик актыны дароо жокко чыгарды. Биз Жалал-Абад областтык сотуна кайрылдык, алар да Жалал-Абад райондор аралык сотунун чечимин күчүндө калтырышты. Биз Жогорку Сотко кайрылдык, ал жерде ишти адилеттүү карашып, Жалал-Абад райондор аралык сотунун, областтык соттун чечимдерин жокко чыгарды, ишти жеринде кайрадан кароого жөнөттү. Ал эми Жалал-Абад райондор аралык соту Бакыт Мажитовдун төрагалыгы менен ишти карап, 10 гектер жердин мыйзамдуу берилгендигин, ал бизге таандык экенин аныктады.

Ошентип, мыйзамдуу жерибиз өзүбүзгө таандык болуп кала бергени менен ал жерди мыйзамсыз сатып жибергендер дале жоопко тартылбай жүрүшөт. Ал эми жер сатып алгандар фундаменттерди курушуп, ал жерден кеткиси келишпей, бизди кыйын абалга салышууда. Эгер күч менен чыгарып жиберсек, чоң жаңжал чыгып кетиши ыктымал. А биз аны каалабайбыз.

Бирок, Д. Исмаилов жана анын тобу эмнеге мыйзам алдында жооп беришпейт? Мунун да себеби бар. Бизге таандык жер участкаларын Д. Исмаилов жана анын тобу жалаң гана жасалма документтер менен сатышкан. Аны жасалмалоого Атабеков айыл өкмөтүндөгүлөр райондук Мамкаттоо адистери, райондук архитектура кызматкерлери, тийиштүү көзөмөл органдарынын кызматкерлери жардам беришкен. Анткени ал жерден көп акча түшкөн жана аны ортодо бөлүп алышкан.  Муну айыл аймагындагы эл жакшы билет, бирок айтарга, даттанарга ишеничтүү жер калбай калган. Кимге арыздансаң да, майнап чыкпай, тескерисинче өзүңө гана зыян болот. Мындан коррупциялашкан айыл өкмөтүндөгүлөр, райондогулар пайдаланышууда.

Алсак, Атабеков айыл өкмөтүндөгү жер адиси болуп иштеген Зархошев Ибрагим анда жооптуу катчы болуп иштеген Анархан Маткаримова экөө жасалма буйрук, токтомдорду чыгарып, каттоо журналына каттап беришет. Андан ары Сузак райондук архитектурасынын кызматкери Розубаев Абдумуктар мыйзамсыз буйруктардын негизинде Сузак райондук мамкаттоодо иштеген Салмоор жана Айтбек аттуу кызматкерлерге долбоордук документтерди жасап, ал жерде мыйзамсыз мамлекеттик акты берилип келет. Булардын үстүнөн Сузак райондук сотунда он эки кылмыш иши каралган, бирок коррупциялашып кеткен тергөө органдары жана сот тарабынан буларга жаза чаралары көрүлбөй келатат. Кала берсе, айыл өкмөтүнө караган, эч бир трансформацияланбаган жерлерди Д. Исмаилов менен Р. Исмаилов дагы эле сатып келатышат, буларды эч ким токтотуп, мыйзамдуулукту орнотууну ойлошпойт. Баары коррупциянын желесине чырмалышкан.

Тескерисинче, мени 2 миллион сомго алдап, мага зордук-зомбулук көрсөтүп келаткан, бирөөлөргө жана мамлекетке таандык жерлерди эч кимден коркпой ар кимге сатып жеп келаткан Д. Исмаилов менден кутулуу, менин жаагымды жабуу үчүн 2015-жылы калп жеринен эле үстүмдөн Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө арызданып, 2 миллион 482 миң 600 сом зыян келтирди деп күнөө таккан. Бирок, орган кызматкерлери текшерип, менин актыгымды аныкташты.

Бирок, азыркы убакта Д. Исмаилов менден жана жоопкерчиликтен кутулуу үчүн кылмыш дүйнөсүнүн адамдарын, “черныйларды” пайдаланып, мени жана менин үй-бүлөмдү коркутуу жолуна түштү. Менин баскан турганымды, менин балдарымдын баскан-турганын көзөмөлгө алышып, кала берсе балдарым мектепке да бара албай калышты. Мен болсо, көчөдө беймарал баса албай калдым. Деген менен, Кыргыз Республикасы эркин адамдар өлкөсү деп айтылып келет, бирок иш жүзүндө райондук-айылдык деңгээлде кылмыштуулук, коррупция, зордук-зомбулук абдан күчөп кеткен.

Экс-президентибиз Алмазбек Атамбаев коррупцияга каршы күрөш баштаганда баарыбыз кубанганбыз жана өткөн жылы президенттик шайлоо болгондо ошол көчтү улаш үчүн, ошол багытты улантылышы үчүн азыркы президентке добуш бергенбиз. Албетте, коррупцияга каршы күрөш жогорку органдарда жүрүп жатканы менен райондук, областтык деңгээлде дагы эле коррупцияга каршы күрөш сезилбейт. Тескерисинче, айыл өкмөттөрүндө жер сатуу коррупциясы өтө күч алган, ага райондук бийликтер, органдар табакташ болуп, көп кылмыштар жабылуу бойдон келе жатат. Мисалы, Атабеков айлы өкмөтүндөгү болуп жаткан мыйзамсыз иштерди баары билишет, бирок эч ким үн катпайт, бири-бирине чырмалып калышкан.

Дагы бир маалымат: мен сөз кылып жаткан Дилшод Исмаилов жана Расул Исмаилов жасалма паспорт жасап сатуу менен алек болушканын элдин баары билет. Бирок, бул боюнча да аларды эч ким жоопко тартпай жатышат. Мисалга алсак, Исмаилов Артык Эгембердиевич 1989-жылы 27-январда Чаткал районунун Акташ айылында туулган, КРК 1815198 (4), Чаткал сельсовети, паспорт берилген күнү 04.02.2007. АN 1871529, от 16.07.2010.

Исмаилов Акмал Расулжанович, 1986-жылы 14-мартта туулган, Казарман айылынын Нуржайыл кичи районундагы №20-үйдүн 40-батирине катталган. Паспорт АN 2981811  АС 2051571 от 05.12.12. Ушундай жасалма паспорттор менен жүрүшөт. Ар кимиси ар башка аймактын каттоосу менен жасатып алышкан. Бирок, эмне үчүн муну эч ким текшербейт жана жоопко тартпайт?

Урматтуу Президентибиз Сооронбай Шарипович!

Сиз президент катары шайланып жатканыңызда биз Сизге ишеним берип, Сиздин программаңызды, коррупцияга каршы күрөшүү убадаңызды жактаганбыз. Бирок, Д. Исмаилов сыяктуулар коррупциялашкан системаны колдоп, Өмүрбек Бабановго иштеп беришкен, дагы эле мыйзамсыз иштерин улантып жатышат. Кайра бизге зомбулук кылып, өмүрүбүзгө да коркутуулар болуп атат. Сиз бизди ушул коркунучтардан куткарып, мыйзамсыздыкка жол берип жаткан коррупционерлерди жоопко тартышыңызды суранабыз.

Айрыкча жогоруда аттары аталган жооптуу кызматкерлерди, Атабеков айыл өкмөтүндөгү мыйзамсыз иштерди, мыйзамга көзөмөл сала турган органдардын иштерин текшертип, өзүңүздүн көзөмөлүңүзгө алууңузду суранамын. Текшерүү иштерин районго же областка жүктөбөй, калыс, адилет карай турган кызматкерлерди жогору жактан дайындооңузду да өтүнөмүн. Менин жана балдарымдын өмүрүн, коопсуздугун Сиздерге гана ишенип, кайрылып жатамын. Жардам бериңиздер.

Катка КР Жогорку Сотунун 2016-жылдын 10-мартындагы токтму 1 баракта, Жалал-Абад областынын райондор аралык сотунун 2016-жылдын 26-декабрындагы аныктамасы 4 баракта, Сузак РИИБнин тергөөчүсүнүн 2016-жылдын 28-апрелдеги токтому 2-баракта тиркелет. 

Сиздерден жардам сураган:

Бабаев Дилмурад Алдашбекович,

Жалал-Абад областындагы Сузак районунун Түрк-Абад айылы.

Телефондор: 0555 965000; 0552 347772.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: