Menu

Видео – Караколдо жергиликтүүлөр 90-жылдардагыдай туристтерге “салык” сала башташты

Бөлүшүү:

Караколдо жергиликтүүлөр 90-жылдардагыдай туристтерге “салык” сала башташты деп билдирет шаардыктар. Бул тууралу тынчсызданган караколдуктар 24.кg сайтына арызданып келишкен.

“Бул видеотасмадагы “разборка” Каракол шаарынын Тельман жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде болуп жатат. Жолдун аркы бетинде милициянын пункту көрүнүп турат. Бирок мушташты токтотуу үчүн ал жактан эч ким чыккан жок. Милиция мындайларга эч чара көрбөй жатат. Алдын-ала маалыматтар боюнча мушташка катышкандардын бири укук коргоо органдарында иштейт”, – деп айтып беришти караколдуктар.

Видеотасмада көрүнүп тургандай, тоо лыжаларын сатуучу дүкөндүн жанында турган эки кишиге дагы эки киши чыгып чырдаша башташат. Бир аздан кийин ал “разборкага” дагы үч киши келип кошулат. Анан бир мүнөттөн кийин мушташ башталат.

Ысык-Көл облустук милициядан видеотасмадагы мушташты иликтей башташканын билдиришти.

“Видеотасмага тартылган мушташ чынында эле Каракол шаарында, Фучик жана Карасаева көчөлөрүнүн кесилишиндеги тоо лыжалары дүкөнүнүн жанында болуптур. Бирок, милицияга эч кимден арыз түшкөн жок. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы бул маалыматты текшерип жатат”, – деп билдиришти мекемеден.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: