“Өткөн жумада бир жаман окуя болду – Бостериде кафе күйуп кетти. Бир жагынан карасаң бул кадимки эле кылмыштардын бириндей сезилет, бирок ишкер айтып жатат ага Уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү келип басынтышкандыктан ал укук коргоо органдарына арыз жазган”, – деп билдирди депутат Дастан Бекешев бүгүн, 11-январда КР Жогорку Кеңешинин кезектеги отурумунда.
“Бул маселени биз бир нече жыл мурун көтөргөнбүз – эч ким уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө каршы арыз жазышпайт. Анткени эгер арыз жазышса, алар УКТчылар сөзсүз түрдө бир айдан кийин же бир жылдан кийин бир нерсесин өрттөп кетишет. Ысык-Көлдө ушундай проблема бар, баары УКТчыларга салык төлөп турушат. Бул тууралу Ички иштер министрлигине айтсаң, келип бизге арыз жазсын дешет, ушундан кийин эч ким арыз жазбайт. Жогоруда айтылган, кафени өрттөө окуясы көз жаздымда калбаш керек. УКТчылар мамлекеттин күчүн сынап көрүп жатышат. Эгер керек болсо ал кылмышты иликтөөгө УКМКны да тартыш керек, анткени бул маселе улуттук коопсуздукка да тиешелүү”, – деди депутат Дастан Бекешев.
Эсиңиздерге сала кетсек, 7-январда Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы “Осьминог” кафесин жана жанындагы эки мейманкананы белгисиз бирөөлөр өрттөп кетишкен. Кафенин ээси Аскат аттуу жаран ага чейин Бостеридеги уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү келип “отметкага” $500 сурашканын, бербесе кафесин өрттөп кетебиз деп коркутушканын, анан ал укук коргоо органдарына арыз жазганын, бирок, аларды Бишкектин Биринчи май райондук соту актап жибергенин билдирген.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ