Эл аралык “Чек арасыз репортёрлор” уюму 2017-жылдагы дүйнөдөгү басма сөз эркиндигинин индексин чыгарып, элге жарыялады. Анда Кыргызстан дагы 4 позиция артка кеткени белгилүү болду.
2016-жылы “Чек арасыз репортёрлор” уюму Кыргызстанды бул рейтингде 85-орунга койгон эле.
2017-жылы Кыргызстан “Чек арасыз репортёрлор” уюмунун эксперттеринин берген баасы боюнча массалык маалымат каражаттарына каршы уюштурулган соттордон улам 89-орунга илинди.
Ал эми Борбор Азиянын башка өлкөлөрү да адаттагыдай эле бул рейтингде да арткы орундарда келатышат. Тажикстан 149-орунда, казахстан 157-орунда, Өзбекстан 169-орунда, Түркмөнстан 178-орунда.
Ал эми биздин стратегиялык өнөктөшүбүз – Россия 148-орунду, ал эми Россиянын дагы бир өнөктөшү Түндүк Корея эң акыркы 180-орунду ээлеген.
Басма сөз эркиндиги боюнча биринчи орунда Норвегия, экинчи орунда Швеция, үчүнчү орунда Финляндия чыгышкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ