Menu

Сауд Арабия жалгыз саякаттаган аялдарга виза бере баштайт

Бөлүшүү:

Сауд Арабиянын бийлиги 25 жаштан өткөн, эркектердин коштоосуз саякаттаган аялдарга 30 күнгө чейин виза бере баштайт. Жаңы эреже үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталынан тарта ишке кирет.

Буга чейин аялдар Сауд Арабияга күйөөсүнүн же эркек тууганынын коштоосусуз кире алышчу эмес. Эми мындай чектөө 25 жашка чейинки кыз-келиндер үчүн гана сакталып калат.

Өлкөнүн мамлекеттик туризм комиссиясы мындай эреже саякатчыларды тартуу үчүн жасалып жатканын билдирди.

Сауд Арабияда ханзаада Мухаммед бин Салмандын демилгеси менен бир нече айдан бери реформалар жүзөгө ашырылып жатат. Былтыр октябрда аялдарга унаа башкарууга жана коомдук жайларга барууга уруксат берилген.

Өткөн жылдын аягында 35 жылдан бери биринчи жолу кинотеатрлар кайра ачыла баштаган. Бийликтин пикиринде, реформалар мунайдан гана көз каранды болгон экономиканы диверсификациялашы керек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: