Menu

Тажикстанда азык-түлүктүн кымбатташынын себептери текшерилди

Бөлүшүү:

Тажикстандын Монополияга каршы кызматы өлкөдө азык-түлүккө болгон баалардын жогорулашынын себептерин анализдеп чыкты. Өткөн жылы жазында Улуттук коопсуздук кызматы азык-түлүк 20 пайызга кымбаттагандыгы тууралуу Статистика комитетинин маалыматына таянып, баалардын жогорулашынын себептерин аныктоо өтүнүчү менен мекемеге кайрылган.

Монополияга каршы кызмат кайрылууга жооп кылып, текшерүүлөрдүн жыйынтыгында азык-түлүккө болгон бааларды жасалма көтөрүү фактысы аныкталбаганын билдирди.

Мекеменин кызматкерлери баалардын жогорулашына бир канча фактор, анын ичинде товарларды өндүрүү үчүн сырттан алынып келинген сырьелордун кымбатташы таасир эткенин билдиришти. «Азык-түлүктүн кымбатташынын башка дагы себептери болгон. Мисалы, өткөн кышта Пакистандан картошка импорту токтоп калып, буга байланыштуу анын баасы 57 пайызга жогорулап кеткен», — деди мекеме кызматкери.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: