Menu

“Айранын” ичкен Бекбоев, айгайга калган Мурашев

Бөлүшүү:

Мурашев десе эле муштум көзгө элестечү эле. Өткөн жылдан тарта Мурашев дегенде бузулган машине көз алдыга тартыла баштаган. Дегеним, өткөн жылдын аяк ченинде Айыл-чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашевдин кызматтык унаасын тейлөөгө жылына 850 (сегиз жүз элүү) миң сом кетет экен деген маалымат социалдык тармактарга тараган. Бул маалымат эсеп палатасынын текшерүүсүнүн натыйжасында белгилүү болгону айтылган. Бул боюнча биздин гезит да жазганбыз. Мурашевди тепкиге алып. Бирок, бул катачылык экен. Муштумчул Мурашевдин бул ишке кыпындай да тиешеси жок экен. Көрсө бул каражат азыркы министр эмес, мурунку министрдин учурунда коротулган экен. Эсиңиздерде болсо мурунку министр Турдуназир Бекбоев эмес беле. Кыздардай кымырынып, сылык-сыпаа жүргөн бул кишинин мындай кылыгы таңдандырып жатат. Кызыгы, Бекбоев азыр өлкө башчысына кеңеш айтып жүрбөйбү. Демек, бул иш ушул боюнча «дым-дым» болуп жабылат экен да. Кайран Нурбек Мурашев мырза, «Айранды ичкен кутулат да, табак жалаган тутулат»-деген кеп бар эле, сиз табакты да жалабаган бойдон жалаага калып кете бересизби?

Булак: Де-Факто

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 50 = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: