Menu

Сариев “сандыгын” ачабы, же “мумияга” айланган “Акшумкар” канат серпеби?

Бөлүшүү:

Саясат деген сормо саз. Ага кирген киши эч качан чыга албайт. Жыгылып атса да, жеңилип атса да болбой эле күрөшө берет. Бир чети ошонусу менен кызык. Бирок бир кезде өз колу менен «муунтуп» койгон нерсени тирилтем дегендер да болот экен. Дегенибиз, мурунку өкмөт башчы Темир Сариев ажо жарышка жеңилээрин билип туруп эле барды. Албетте, экинчи жагынан караганда күрөштүн аягына чейин турганы эрдик. Ар кимге сүйкөнбөй, соода борборунун алдында эл менен кошо бийлеп атып эле шайлоону аяктап койгон Сариев шайлоодон кийин бир азга тыныгуу алды. Экинчи «дыханиеси» ачылганбы, айтор Темке жаңы жылдан кийин бир топ саясатчылар менен жоолугуп, «Ак Шумкар» партиясын кийинки парламентке алып келүү аракетин баштаптыр. Ооба, ар ким өз билгенин кылат деңизчи. Бирок, бир кездери бийик кызматка барган соң өз партиясын, партиялаштарын таптакыр унутуп, өзүмчүлдүккө алдырып койгон адамды эми ким ээрчийт. Аты да албан ийгилик коштогон кайран «Акшумкар» эми канатын бир серпе алабы? Негизи эле бир топко тыныгуу алып калган партияны сүйрөп чыгуу кыйынчылык туудурат го…

Булак: Де-Факто

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 67 = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: