Ырас, көп улуттуу мамлекетпиз. Бирок, титулдук улут катары Кыргыз улуту, мамлекеттик тил катары Кыргыз тили саналат. Аталышыбыз да Кыргыз мамлекети. Бирок, мына ушуга министр болуп олтуруп да кылычын чаап, кыянаттык кылгандар бар. Айталы, учурда коомчулукта Юстиция министри Уран Ахмедовго нааразычылык күч болууда. Уран мырзанын өзүм билемдик саясаты министрликтин ичинде катуу талкууга айланууда.
Башкасын айтпаганда дагы кыргыз тилин жеригени эмнеси? Кыргызча кайрылуу жазып киргендердин кайрылуусун карабай, тымызын «иритме» саясат жүргүзгөн «балакай министрдин» тизгинин тартып кое турган жан жокпу? «Мага расмий тилде кайрылгыла» өктөмү менен бул жигит эмнени көздөп жатат? Же Кыргыз мамлекетинин бир тармагынын министри болуп турганын унутуп калганбы? Көпкөндүн да чеги болот го…
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ