Menu

Сапары байсалдуу Сапар Исаков

Бөлүшүү:

Ооба, 27-жылыбызды жашап жатабыз, эгемен өлкө катары. Мына ушул 27 жылда не бир Өкмөт башчылар болду. Айрымдары аа деп ооз ачууга улгүрбөй жок болушса, айрымдары элдин ырыскысын aп этип коюп дале жүрүшөт. Учурда узун элдин учуна таанымал болбосо да өз иши менен өктөм чыккан Өкмөт башчы Сапар Исаков бир топ жигердүү иштерди баштады. Буюрса бул жүрүшү менен кетсе жаман эмес. Кеп-кеңеш алууга бир топ билимдүү, кыл-идиректүү адамдарды топтоду. Башаламан бир топ долбоорлорду чалды-куйду пиары жок эле чечип келе жатат. Качан болсун эмоция менен эмес, дипломатия менен маселени чечип, кыялаш кырдаалдарды жипке тизгендей ирээттеп атат. Opгy-баргы, ойноп- күлмө, өөдүр-сөөдүр, өмгөктөмө мамиле кадимкидей жоюлуп, сылыктык менен сыпаалык, мыйзам тилинде сүйлөшүү Өкмөттүн жүзүнө айлана баштады. Ток этээри Сапар мырзанын сапары байсалдуу. Базар кыдырып, балдарга «бадарке» бергенден баштап, эл аралык мамилелерди эпке салып, дүйнөлүк компаниялар менен коюн-колтукташ мамиле күчөтүлүүдө. Албетте, бул башталышы гана

Булак: Де-Факто

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: