Menu

Кыргызстанда автордук укуктун корголушу иликтенип чыкты

Бөлүшүү:

Кыргызстанда биринчи жолу телерадиоберүүлөрдүн контентин Тынчтыктын мониторинг сервиси (ТМС) изилдеп чыкты. Бул тууралуу Коомдук каналдын өкүлдөрү билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн КТРКда аталган кызмат өз ишинин жыйынтыгын жарыялайт. Ошондой эле Коомдук канал менен кызматташтык тууралуу келишимге кол коюлат.

Сервис радиодон жана телеканалдардан ырлар, видео жана аудиороликтер канча жолу, кайсы убакытта кете турганын автоматтык түрдө эсептеп, ай сайын жыйынтыгын чыгарып турат.

Былтыр декабрда ырчы, обончу, акын-жазуучулардан турган элүүдөн ашык өнөрпоз “Кыргызпатент” мекемесинде чогулуп, автордук укуктарын коргоону талап кылышкан. Алар ырдын сөзүнө, обонуна калем акы өндүрүүнү жакшылап көзөмөлгө алыш керек деп эсептешет. Жыйынга катышкандардын айрымдары клип чыгаргандар ырдын сөзүнүн жана обонунун авторлорун көрсөтпөгөн учурларга да нааразылыгын билдиришкен.

Кыргызстанда “Автордук укук жөнүндө” мыйзам бар. Бирок бүгүнкү күнү музыкалык чыгармаларга жана башка интеллектуалдык менчикке карата укуктарды коргоо маселеси курч экени айтылып келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 + = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: