Menu

Фоторепортаж – Президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик тарых музейин калыбына келтирүүнүн жүрүшү менен таанышты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-январда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейин  калыбына келтирүүнүн жүрүшү менен таанышып чыкты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий Интернет сайты билдирди.

Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары рангында этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Мира Карыбаева, КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимов, КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев жана музейдин директору Анара Исиралиева музейди калыбына келтирүү, экспозициянын мазмунун жаңылоо жумуштары боюнча маалымат беришти.

Президент Сооронбай Жээнбеков, аткарылган жумуштар менен таанышып чыгып, музейди керектүү экспонаттар менен толуктоо боюнча  сунуштарын айтты.

Реконструкциялоо аяктагандан кийин тарых музейи бардык талаптарга жооп берген, медиастанциялар жана интерактивдүү такталардын жардамы менен кеңири маалымат алууга мүмкүн болгон заманбап музейге айланат.

Бүгүнкү күндө жалпы курулуш иштери жыйынтыкталды, эми  көргөзмө материалдарын орнотуу жана жарык берүүчү жабдууларды жакшыртуу боюнча жумуштар калды. Музейдин ичин – дубалдары, имараттын чатыры толугу менен оңдоп-түзөлдү, инженердик тышкы жана ички коммуникациялары толук алмаштырылды, жабдыктар жана медиалык комплектациялар орнотулду.

Музейдин айланасын оңдоп-түзөө жумуштары Түркия Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын алдындагы кызматташуу жана өнүктүрүү боюнча түрк башкармалыгы (ТИКА) тарабынан жасалууда. Жаңыланган Мамлекеттик тарых музейинин ачылышы 2018-жылдын март айына пландаштырылууда.

Маалымдама: 2017-жылдын 21-февралында Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Тарыхый илимди өнүктүрүү боюнча комиссиясы Мамлекеттик тарых музейинин концепциясын жана жаңы экспозициясынын тематикалык түзүлүшүн колдогон. Музейдин фонд сактагычтарында Энесай каганаты жана Улуу кыргыз каганаты боюнча экспонаттар жетишпегенден, бул бөлүмдөрдүн мазмуну көп жагынан экран-медиастанциялар аркылуу ачылып берилет.

Ошондой эле Россия Федерациясынын музейлериндеги -Абакандагы (Барсбек стеласы ж.б.), Минусинсктеги (Энесай кыргыздарынын курал-жарак коллекциясы), Эрмитаждагы (сак доорундагы экспонаттар) бир катар экспонаттардын көчүрмөлөрү даярдалган.

Учурда музейдеги 30дан ашуун медиастанциянын мазмунун тактап-бышыктоо боюнча иштер жүрүп жатат. Медиастанциянын ар бири карталар, фотосүрөттөр, видео аркылуу берилген өзүнчө темаларга арналып, кыргыз, орус, англис тилдериндеги тексттер менен коштолгон.

Мындан тышкары кыргыз, орус, англис, немец, араб тилдериндеги электрондук аудиогиддин тасмасын жазуу иштери жүрүп турат. Витриналарда жайгашкан бир катар бөлүмдөр учурда оңдолуп-түзөлүүдө.

Музейге бир эле учурда 7 миң колдонуучуга жете турган wi-fi кошулган. 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 − = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: