Menu

Депутат К.Зулушев: “Биз референдумда баш тарткан Конституциянын ченемин Тышкы иштер министрлиги мыйзам долбоору түрүндө киргизип жатат”

Бөлүшүү:

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» КР мыйзам долбоору 3-окууда каралды.

Бул маселе боюнча комитет жыйынына КР Тышкы иштер министринин орун басары Эмил Кайкиев келген.

Талкууда депутат Курманкул Зулушев 2016-жылдын 11-декабрында өткөн КР Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө референдумду эске салды. “Бул референдумда Кыргызстан эли КР Конституциясынын 41-беренесинин 2-пунктунун экинчи сүйлөмүн алып салууга добуш берген. Мындан улам биз эл аралык уюмдар биз үчүн кабыл алынгыс ченемдерди – кимге жазаны жумшартууну, же кимди түрмөдөн чыгарууну мажбурлай турган, республикага таңуулашы мүмкүн болгон кырдаалдан чыктык”,- дейт ал. Ошону менен катар эл өкүлү КР Тышкы иштер министрлиги сунуш кылынган мыйзам долбоору менен референдумда эл четке каккан ченемди кайра киргизүүгө аракет кылып жаткандыгын белгиледи.

Жыйынга катышып отурган КР Өкмөтүнүн өкүлдөрү бул мыйзам долбоорун кийинкиге жылдырууну сунушташты.

Соңунда мыйзам долбоору кийинкиге жылдырылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: