Кечээ, 13-январда саат 14:10 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 253-чакырымында, Чычкан капчыгайында бензин ташыган оор жүктүү унаа менен 08KG134 ABN мамлекеттик номурулуу “Опел-Зафира” жеңил унаасы кагышып кетишкен. Бул тууралу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирүү таратты.
Жол кырсыктын кесепетинен “Опел-Зафира” унаасындагы 4 адам каза болуп, 3 адам жабыркаган. Окуя болгон жерге КР ӨКМдин Токтогул райондук №97 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу чыгып, каза болгондордун денелерин кыпчылган унаадан чыгарышкан, жабыр тарткандарга биринчи жардам көрсөтүп, “тез жардам кызматына” өткөрүп беришкен. Жабыркагандар Токтогул райондук ооруканасына жеткирилип, ал эми каза болгондордун жансыз денелери ушул эле оорукананын өлүк сактоочу жайына киргизилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ