Menu

“Көчмөндөр оюнун” ачып берген америкалык киноактер Стивен Сигалды кыз зордуктоого айыптап жатышат

Бөлүшүү:

Кыргызстанга байма-бай каттап, “Көчмөндөр оюнун” ачып берген киноактер жана режиссер Стивен Сигалды америкалык актриса Регина Симонс 18 жашында аны Сигал зордуктап койгон деп айыптап чыкты. Бул тууралу The Wrap сайты жазды.

Регина Симонстон башка да Стивен Сигалды зордуктоо жана өз каалоосун аткаруу үчүн уйгактай жабышуусу боюнча америкалык фотомодель Дженни Маккарти, актрисалар Лиза Герроро жана Порша де Россилер айыптап жатышат. Алардын айтымында Стивен Сигал өзүнүн “Өлүм коркунучунда” аттуу көркөм фильмине актрисаларды тандоо учурунда уйгактай жабышып, өзүнүн абалынан кыянаттык менен пайдаланган.

Стивен Сигал 2016-жылы президент Алмаз Атамбаевдин чакыруусу менен Кыргызстанга келип, “Көчмөндөр оюнун” ачып берген. Ошол замат аны кыргыз бийлиги “Көчмөндөр оюнунун ыктыярдуу элчиси” катары дайындап жар салган.

2017-жылы күзүндө Стивен Сигал Кыргызстанга премьер-министр болуп дайындалган Сапар Исаковду “досум” деп куттуктап, ал эми Сапар Исаков Стивен Сигалды Кыргызстандын жарандыгын алууга чакырган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: