Menu

Видео – Президент Сооронбай Жээнбековдун намазга жыгылышын туура эмес ракурстан видеого тарттырган пиарчыларын Марс Сариев сынга алды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-январда саясат таанучу Марс Сариев президент Сооронбай Жээнбековдун саясый технологдорун, пиарчыларын катуу сынга алды. Анда Сооронбай Жээнбеков шайлоо кампаниясы учурунда намазга жыгылганда видеокамеранын ракурсу туура эмес коюлгандыктан президенттин тоңкоюп жатканы тартылып, коомчулукка тараган. Муну башка ракурстан тартыш керек эле деп, дегеле президенттин пиарстратегиясын иштеп чыгып, көзөмөлдөгөн бирөө барбы деп кейийт.

“Мен бир нерсени түшүнбөйм… Мен лентадан көрүп калдым, биздин президент Ат-Башыда намазга жыгылып жатыптыр. Бирөө шайлоо учурундагы оңтойсуз бир видеону жарыялаптыр. Президенттин айланасындагылардан бирөө-жарым өлкөнүн имиджин ойлойбу? Бирөө-жарым президенттин нормалдуу пиарстратегиясын түзө алабы? Канткен күндө да ал биздин – бүткүл кыргызстандыктардын президенти да. Бизде баарын колхозчо жасашат… Жок дегенде түркмөндөрдөн үйрөнбөйсүңөрбү. Уят! Түркмөндөр бизге караганда он эсе динчил келишет, бирок, алар саясат деген эмне экенин түшүнүшөт”, – деп жазат социалдык тармактагы баракчасында Марс Сариев.

Ага жооп кылып Россия жараны, Кремль 2010-жылы Алмаз Атамбаевге жөнөтүп, 8 жылдан бери Ак үйдө КСДПны көзөмөлдөгөн, кийин мурас боюнча Жээнбековго өткөн саясый технолог Алексей Василивецкий каяша жазды.

Алексей Василивецкий: “Путин деле Пасха майрамында чиркөөдө сыйынып турганын видеого тартып, бүт дүйнөгө жайылтышты. Анын эмнеси бар экен?”

Марс Сариев: “Эмне Путин да тоңкойуп турду беле?”

Алексей Василивецкий: “Кимге кандай туруу буйруса ошондой турат да”

Марс Сариев: “Мен ошону, сизди президенттин пиарчысы катары сурап жатам. Эмне үчүн керектүү ракурстан видеотартууну уюштура алган жоксуз?”

Ушундан кийин 2010-жылдан бери Кыргызстандын нанын жеп келаткан саясый технолог Алексей Василивецкийдин жаагы жап болду.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 − = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: