Menu

Кыргыздын бир нече жигитин камакка олтургузган Кытайдын “Huawei» компаниясы кайрадан $60 млн турган долбоорду тендерсиз басып жыгылды

Бөлүшүү:

Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстанда бир нече жылдан бери иштеп келе жаткан “Коопсуз шаар” долбоору Кыргызстанда 7 жылдан бери корррупцияга чырмалып, башталып келатып эле кайра токтоп, жылбай турган.

Мына ушул долбоор азыр “Акылдуу шаар” деп аталып, $60 миллионго бааланып, 11-январь күнү  Кытайдын “Huawei» компаниясына тендерсиз эле өткөрүлүп берилди. Эгер долбоор ишке ашса өлкөнүн Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле Бишкек-Ош жолу, Бишкек-Чолпоната жолу менен Бишкек-“Манас” аэропорту жолдоруна жайнаган видеокамералар коюлуп, ар бир кыймыл көзөмөлгө алынат.

Инвестициялык келишимге премьер-министр Сапар Исаковдун катышуусунда кол коюлду. Долбоордун эң башкы максаты айыппулдардан акча табуу эмес, Кыргызстанда жол-транспорт кырсыктарын  азайтуу деп жарыялады Исаков. Анткени бул долбоордун алкагында жолдорго орнотулган видеокамералар жол кыймылынын эрежелерин бузгандарды тыкыр видеокаттоого алып, анын негизинде айыппулдар салынып, элди жол эрежелерин бузбоого тарбиялайт. Ошондой эле көчөлөрдөгү ар бир кыймылды күнү-түнү видеого жазып, көптөгөн кылмыштарды ачууга милицияга жардам берет.

Бул долбоордун тагдыры Кыргызстанда узун жана аянычтуу болду.

2012-жылы КР Ички иштер министрлиги Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн баарындагы кыймылга видеобайкоо жүргүзө турган жана аларды видеожазуу менен фотокаттоого ала турган автоматташтырылган, электрондук системаны түзүүгө тендер жарыялаган. Ал тендерге “Huawei»,  Aicom Technologies,  “Инфодекс”,  Vega international, Inform financial solution, “Логикон” и ZTS сыяктуу бир нече компаниялар катышып, Inform financial solution компаниясы жеңүүчү болуп табылган. “Huawei» компаниясы тендерден жеңилип калган. Билермандардын айтуусунда долбоордун “шапкасы” чоңдордун арасында талашка түшүп, долбоор ишке ашпай калган.

2012-жылдын күзүндө КР ИИМ ушундай эле системага, бирок кеңейтилген форматта Бишкек, Ош шаарларына жана Бишкек-Каракол автожолуна орнотууга тендер жарыялап, “Huawei» баштаган 4 компания катышып, “Huawei» тендерден утулуп калган. Бирок долбоор ишке ашкан эмес, мында да “шапке” талаш долбоордун ишке ашуусуна бөгөт болгон.

2014-жылы КР ИИМ дагы эле ушундай тендер жарыялап, ага кытайлык “Huawei» компаниясы документтерин тапшырып, бирок тендердин шарттарына туура эмес болгондуктан “Huawei» компаниясы тендерге катышкандардын катарынан чыгып калат.

Бул тендерди өткөрүүнү ошол кездеги КР Ички иштер министри Абдылда Суранчиев буйругу менен өзүнүн орун басары Курсан Асановго тапшыргандыктан тендерди ал өткөрүп, жеңүүчү деп “Стилсофт Бишкек” компаниясы табылат. Бирок, күтүлбөгөн жерден министр Абдылда Суранчиев отставкага кетип, анын ордуна министрликке Мелис Турганбаев дайындалат. Жаңы министр долбоорду “кымбат” деп тендердин жыйынтыгына кол койбой коёт. Бирок тили заарлар тендердин “шапкасын” мурункулар алып алышты деген шек менен эле кол коюлбай калганын ММКларга жазып жүрүшкөн.

Муну менен катар “Хуавей” компаниясы Кыргызстандагы башка ири ишканалар менен “кызматташууга” чуркаганы да белгилүү .

2011-жылы “Хуавей”  Кыргызстандагы эң ири мобилдүү байланыш оператору “Мегакомдун” жетекчилери Алмаз Абеков менен Азамат Мурзалиевди айланчыктап жүргөн. Анда дагы бир кытайлык компания ZTE CORPORATIONге атаандаш болуп, Мегакомго Кытайдан 26 миллион долларга техникалык жабдууларды жеткирүү боюнча келишимди талашкан. Бирок, Алмаз Абеков менен Азамат Мурзалиев тендерсиз эле 26 134 169,7 доллардык келишимди ZTE CORPORATIONге берип, анын ичинен 2.500.000 доллардык жабдыктарды сатууну “Хуавейге” алып беришкен. Бул келишим үчүн кытайлардан 6 миллион доллар пара алды деп айыпталган Алмаз Абеков 25 жылга, Азамат Мурзалиев 12 жылга кесилишип, азыр абакта олтурушат.

2013-жылы “Хуавей” компаниясы менен “Кыргызтелекомдун” жетекчилери Ош-Эркечтам оптикалык-волокно байланышын тартууда кылмыштуу келишим түзүшкөн деп айыптаган КР УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги буларга каршы кылмыш ишин козгогон.
2015-жылы Кытайдын Эркечтамынан Кыргызстандын Ош шаарына чейин оптикалык-волокно байланышын тартууга катышкан Huawei Tech.Investment Co LTD  компаниясына каршы КР Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматы кылмыш ишин козгоп, Huawei Tech.Investment Co LTD  $300 миңге жумуш жасап, аны 10 эсе көбөйтүп жазып, Кыргызстандан $3 млн акча алган деп айыптап, анын бардык банкалык эсептерин камакка алат. Ал эми сот Huawei Tech.Investment Co LTD  компаниясынын Кыргызстандагы жетекчилигин токтоосуз камакка алууга чечим чыгарат. Жетекчилик качып кетет да, Huawei Tech.Investment Co LTD компаниясын Кытайда жаап ордуна Huawei Technologies Bishkek Co Ltd компаниясын ачып, кайра Бишкекке келет.

Huawei Tech.Investment Co LTD компаниясын Ош – Эркечтам багыты боюнча 250 чакырымдагы оптикалык-волкно байланышын тартуу боюнча формалдуу тендерден өткөрүп, мыйзамсыз келишим түзгөнү жана мамлекетке 50 миллион сомдон ашык зыян келтиргени үчүн “Кыргызтелекомдун” жетекчиси Марат Мамбеталиев, ишкананын Оштогу бөлүмүнүн деректири Манас Оконов, “Аламүдүнэнерго” жабык акционердик коомунун жетекчиси Олег Пархаев 2015-жылы январда камакка алынышат.

2017-жылдын акырында да “Акылдуу шаар” деген долбоорго тендер жарыяланып, ага катышууну каалагандыктарын Huawei Technologies Bishkek Co Ltd жана “Шенжень Топформ” компаниялары билдиришет. Өкмөт эки компанияга тең өз долбоорлорун презентация кылууга чакырат. “Шенжень Топформ” компаниясы долбоорлорун алып Бишкекке келет. 12-январга алардын презентациясы дайындалат.

“Акылдуу шаар” долбоорун Кыргызстанда ишке ашыруу үчүн Technologies Bishkek Co Ltd $60 млн, ал эми “Шенжень Топформ” компаниясы $40 млн сурайт.

2018-жылдын 11-январында күтүлбөгөн жерден кыргыз өкмөтү тендерди токтотуп, инвестициялык келишим түзүп, долбоорду Technologies Bishkek Co Ltd компаниясына $60 миллионго ишке ашырууга өткөрүп берет.

Ошентип буга чейин кылмыш иштери козголуп качып кетип, атын өзгөртүп кайра Кыргызстанга келген, алар менен кызматташкан 5-6 кыргыз жигитин абакка тыктырган кытайлык “Хуевей» компаниясы кайрадан чуулгандуу иштерди баштады. Алар менен келишим түзгөн кезектеги “жаңы кыргыздар” аман калабы?

Байкап атасыздарбы, “Хуавей” буга чейин бул долбоор боюнча өткөрүлгөн 4 тендерде да утулуп калып жүргөн. Акыркы, январдагы тендер өткөрүлсө да логика боюнча тендерден дагы утулмак, анткени ал өз атаандашы “Шенжень Топформ” компаниясына караганда бул долбоорду ишке ашыруу үчүн кыргыз мамлекетинен  $20 млн ашыкча сурап жатат. Ошондуктан кызыктар адамдар ага долбоорду тендерсиз кармата беришти.
Баса, кытайлык “Хуавей” компаниясы Кытайдын аскердик жана чалгын кызматтары менен тыгыз байланышта иштеген компания катары АКШ, Улуу Британия, Австралия жана Индия мамлекеттеринин бийликтери тарабынан өз жарандарына “Хуавей” менен кызматташууга чек коюлган.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 + = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: