Өзбекстандын Фергана облустук прокуратурасы Маргилан калаасындагы жетим балдар үйүнүн кызматкерлерине карата козголгон кылмыш иши тергелип бүткөнүн билдирди.
Иш сотко өттү. Балдар үйүнүн мурдагы башчылары менен бир нече кызматкерлерине байланыштуу иш “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу” жана “Каражат жымыруу” беренелери боюнча тергелди.
Былтыр декабрдын соңунда Фергана облусунун укук коргоо органдары Маргиландагы №1 Кайрымдуулук үйүнүн жетекчилигине өкмөт жана эл аралык донорлор тарабынан берилген каражатты уурдоо жана тарбиялануучуларга карата сексуалдык жана физикалык зомбулук көрсөтүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгошкону кабарланган.
Облустук прокуратура балдарга сексуалдык жана физикалык зомбулук жасалган деген маалыматтар жетиштүү далилдер менен бекемделбегенин билдирди. Буга байланыштуу каражат уурдоо боюнча гана кылмыш иши козголгон.
Буга чейин Маргилан шаарындагы №1 Кайрымдуулук үйүнүн директору Кахрамон Орипов менен кароолчусу камакка алынганы белгилүү болгон. Ориповдун эки орун басары, башкы бухгалтер жана ондой кызматкер иштен алынып, аларга карата дагы кылмыш иши козголгон.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ