Menu

Ашхабадда базарлар бош калып, көчөлөрдө полиция кызматкерлери азайды

Бөлүшүү:

Ашхабад базарларында элдин саны азайып, шаар көчөлөрүндө полиция кызматкерлери сейрек жүрө башташты. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы өз булагына таянуу менен билдирди.

Маалыматтарга караганда, түркмөн президенти Ашхабадды тик учак менен текшерип чыккандан кийин көчөдө жүргөн полициячылардын саны азайган.

Буга чейин Ашхабаддын ар бир көчөсүн кеминде 2-3 полиция кызматкери көзөмөлдөп келсе, учурда эки чакырым сайын бирден тартип сакчысын гана көрүүгө болот. Мамлекеттик автоинспекция кызматкерлеринин азайганын дагы байкоого болот.

Жергиликтүү байкоочулар көчөлөрдөгү полиция кызматкерлеринин санынын азайганын укук коргоо органдарынын штаттык бирдигинин кыскарышы менен байланыштырышууда. Буга чейин “Азаттыктын” түркмөн кызматы Лебап облусу боюнча полиция кызматкерлеринин санын азайтуу каралып жатканын кабарлаган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: