Menu

Премьер Өкмөттү “сапырды”…”куйрук жеген” Кулматов кутулду, орун басары тутулду

Бөлүшүү:

Жаңы жылдын алдында Жогорку Кеңештин депутаттары бир ката үчүн чогулуп, «2017-жылдын 11-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» мыйзамга карата президенттин каршы пикири менен макул болуу жөнүндө чечим кабыл алган. Бул мыйзамга ошол эле күнү президент кол койгон. Орчундуу маселе болуп жатса кезексиз жыйынга чогулбаган эл өкүлдөрү оңой чогулганы менен бул мыйзамда ката кетирген Өкмөткө сынды аяган эмес.

Катуу арданган окшойт, бүгүн Өкмөт башчы Сапар Исаков мына ошол мыйзам долбоорун даярдоодо милдеттерин дурус аткарбаган бир катар чиновиниктерге «катуусуна» катуу, жумшагына «жумшак» сөгүш берди. Буйрукка премьер- министр Сапар Исаков кол коюп, ага ылайык, экономика министри Артем Новиковго, Бажы кызматынын башчысы Кубанычбек Кулматовго сөгүш, ал эми экономика министринин орун басары Баккелди Түмөнбаевге, Бажы кызматынын башчысынын орун басары Замирбек Ниязалиевге катуу сөгүш берилди. Мындан сырткары Премьер-министрдин аппаратынын бир катар кызматкерлери иштен айдалды. Бул жагы «куйрукту аким жеп, токмокту жетим жегендей» эле болуп калды.

Жогоруда айтып өткөндөй Сапар Исаковдун минтип «сапырганын» жөнү бар. Депутаттар жаңы жылдын алдында шашылыш караган Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодексине президенттин каршы пикири жөнүндө мыйзам долбоорунда Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодексинин ишке кирүү мөөнөтү туура эмес көрсөтүлгөн.

Мыйзамга президент кол койсо, ал 15 күндөн кийин күчүнө кирмек, бирок ЕАЭБдин Бажы кодекси 1-январдан тартып күчүнө кириши керек болгон. Натыйжада мүчүлүштүктү байкап калган президенттик аппарат дароо өлкө башчы аркылуу каршы пикирин билдиргенге аргасыз болушкан. “Бир Бол” фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров бул көрүнүштү өтө уят нерсе катары сындап, эгемен Кыргызстандын тарыхында мындай окуя болбогонун айтып, “Кыргызстан” фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков “мыйзамга президент кол койсо, Кыргызстан эл аралык чууга кабылмак”, – деп кокуйлашкан. А түгүл, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутат Исхак Масалиев Өкмөт саясий ката кетиргени үчүн премьер-министр баш болуп жоопкерчилик тартышы керек деп чыккан.

Ошондогу сынга катуу териккен окшойт кыскасы, Өкмөт башчы Сапар Исаков Өкмөттү катуу «сапырды». Бирок, кылымдарды карыткан кыргыз эли айткандай «айран ичкен кутулуп, челек жалаган тутулду». Тактап айтканда, куулугу башынан ашкан Кубанычбек Кулматов менен тажрыйбасы жок Артем Новиков жеңил кутулуп, орун басарлары «тутулуп», бечара катардагы кызматкерлердин иштен айдалганы кызык болду. Мунун өзү «карга карганын көзүн чукубай тургандыгын» чукуса дагы залака келтирбей, «чукумуш» болуп  кое тургандыгын дагы бир жолу далилдеди.

Булак: Кабар

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − 37 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: