Menu

Акылбек Султанов, Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы: “Чет элдиктер кыргыз тилине суктангандарын жашырышпайт”

Бөлүшүү:

— Акылбек мырза, биз адегенде эле статистикалык комитеттин милдети, орду, укугу жөнүндө кыскача кеп кылсак?..

— Улутттук статистикалык комитеттин милдети – негизинен мамлекеттин жүргүзгөн саясатын колдоп иш алып баруу болуп эсептелет. Комитет түздөн-түз президентке баш ийип, президенттин алдындагы ишкана. Отчетту да президенттин өзүнө, премьер-министрге, төрагага беребиз.

— Отчет деп кеттиңиз, эмне жөнүндө кеп болуп атат?

— Республикабыздын жалпы социалдык экономикалык абалы тууралуу жөнүндө сөз болуп атат. Ар бир айдын 13-числосунан кечиктирбей өлкөнүн ички дүң продуктунун көлөмү, өнөр жай продукцияларынын көлөмү, айыл чарбасынын дүң продукциясы, дүң жана чекене соода жүгүртүү, тышкы соода ишмердиги боюнча ж.б. көрсөткүчтөрдүн ар бирине токтолуп, алардын өсүшү, төмөндөшү, азайганы, көбөйгөнү тууралуу сандык жана пайыздык айырмаларын болгонун болгондой кылып маалымат беребиз.

— Бир нерсе эске түшөт, СССРдин тушунда жашап калбадыкпы, ал учурда “жел козу” деген нерсе бар эле. Кошчусун кошуп, алчусун алып дегендей. Кайсы бир учурда “жүзүнө 190дон козу алды” же “бир гектардан 50 центнер буудай алды” деген маалымат “дүң” дей түшөт эле…

— Бул жерде айыл өкмөт болобу, райондо болобу, маалыматты берип аткан адам өзү жооп берет. Жоопкерчилик бизде аябай жогору турат. Сиз айткан союз маалындагыдай кошуп, алып жазуу деген жок. Анүстүнө биздин комитет президенттин алдындагы комитет болгондуктан, республикабыздын жалпы социалдык экономикалык абалы тууралуу жөнүндө маалыматты бурмалоого мүмкүн эмес.

— Бул кызматка келгениңизге эки жыл болуп калды. Ушул убакыттын ичинде кандай өзгөрүүлөрдү байкап атасың?

— Өзгөрүүлөр көп эле болду. Жакшы иштерди аткардык десек аша чапкан болбойбуз. Эң ириде биздин кызматкерлердин айлык маянасын мурункуга салыштырмалуу 50-55 пайызга көтөрдүк. Жетекчи болгондон кийин кол алдыбыздагыларга жакшы шарт түзүп беришибиз керек. Эгер мындан мурунку жылдары жаш адисттерди аз айлык менен кармап иштетип калуу кыйынга турса, азыр жамаатыбызга жаштардын агылып келиши жүрөктү жылытып атат. Кечээ жакында эле президентибизге жолукканда бул маселе боюнча сөз козголуп, дагы көтөргөнгө жардам бере турган болду.

— Сиздердин комитет айыл шартында турмуш-тиричиликтин абалы менен кызыкдар болуп мониторинг  жүргүзөбү?

— Бизде үй чарба кызматкерлерин изилдөө деген атайын жумуш алып барган бөлүм бар. Анда 76 адам иштейт. Жети облус жана Бишкек, Ош шаары камтылган. Жашоо тиричиликтин деңгээлин аныктоого багытталып, ар бир үйгө кирип, сурамжылоо кылат. Кайсы айылда жакырчылык, кайсы айылда өнүгүү болуп атканына байкоо салышат. Бул боюнча өкмөткө маалымат берип турабыз.

— Иш-чара кандай шартта жүргүзүлөт?

— Жакшы суроо экен. Мурун ушундай иш-чара кагазга жазылып, анан Бишкекке келип электрондук вариантка көчүрүлүп, бир топ убаракерчилик болор эле. Убакыт көп кетчү. Азыр болсо ар биринин колунда планшет бар. Маалымат топтолоору менен биздин серверге жөнөтүлөт. Иш аябай жеңилдеди.

— Мен жакында эле базардан униформа кийген сиздердин комитеттин кызматкерлерин көрүп калдым. Алардын да колунда планшеттер бар экен…

— Биздин кызматкерлер ар күн сайын базарга кирип болгон продукциялардын баасын сурамжылашат. Эт, сүт, май, картошка ж.б. Буга ГСМди да коштук. Кыргызстандын базарларындагы, чоң-чоң дүкөндөргө чейин киришет. Быйылкы жылы атайын жайкы-кышкы делип униформа тиктирип бердик. “Статкомитет” деген жазуулары бар. Бул боюнча жакынкы арада коомчулукка түшүндүрмө берип, жадагалса жакшы маанайда ролик тартып, биздин кызматкерлер болгону базардагы же дүкөндөгү продукциялардын баасын гана билүү максат экенин тасма аркылуу түшүндүрмө берели деп атабыз. Антпесек кээ бир сатуучулар “текшерип келишиптир, салык төлөйбүзбү?” деп чочулап аткандарын байкайбыз. Ал жерде корко турган эч нерсе жок.

— Статкомитет эл каттоону жүргүзөт эмеспи. Кезектеги эл каттоо 2020-жылга белгиленген. Буга даярдык башталдыбы?

— Негизинен биз бул ишти баштап атабыз. Мурунку жылдары чет мамлекетте эл каттоо кандай шартта жүргүзүлүп атканын жана алардын заманбап технологияларды колдонуп, аз каражаттын негизинде ишти жүзөгө ашырган тажрыйбаларына күбө болгонбуз. 2019-жылы 23-мартта Чүй-Токмокко пилоттук вариантын өткөзөбүз. Сөзсүз түрдө планшет көп санда колдонула турган жагын азыртан ойлонуп, бизге сатып бере турган донорлорду издеп таап койдук.

— Кимдер кол сунуп атышат?

— Норвегия мамлекти менен 10 жылдан ашык мамилебиз бар. Алар “долбооруңарды даярдап, бизге жибергиле. Биз сиздерге планшет сатып берели” деп атышат. Анысы аз келгенсип, бул мамлекет эл каттоону бир да каражат коротпой заманбап технологиянын жардамы менен өткөзүп алышты. 2001-жылы эл каттоодо 120 миллион евро сарптаган экен. 2011-жылы өткөзүп, 20 пайызга кыскартышкан. Эми 2021-жылкы эл каттоосуна бир тыйын да коротпойбуз деп чамынып атышат. Азыркы учурда биздин эл каттоого 544 миллион сом кетет. Эгер ушунун бир тыйынын коротпой сарптап алсак жаманбы?

— “Таза коом” деп премьер-министр айтып эле келет. Буга болгон көз карашыңар кандай?

— Премьер-министрибиз “Таза коом” деп катуу киришип атат. Эгер ушуга баардык министрликтер, агенттик, комитеттер өтүп алсак, келечекке жакшы болгону турат. Бул эми электрондук отчет деген эле кеп. Биз буга көптөн бери эле даярданып келгенбиз. Натыйжасы жаман болбосуна терең ишенем.

— Сиздердин адис-кызматкерлериңер ар тармактуу болуш керек экенин сезип атам. Аларды окутуу, даярдоо, адистигин жогорулатуу жагы кандай жолго коюлган?

— Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин ресурстук-методикалык борбору бар. Атайын адисттердин квалификациясын жогорулатуу боюнча ошол жерде окутат, билимин да кеңейтет. Мындан сырткары, эл аралык уюмдар менен тыгыз иштейбиз. Алар өздөрү кызыкдар болуп биздин комитетке кайрылып, биздин адистерди чет мамлекетке чыгарып окутуп, тажрыйбаларынан бөлүшүп турушат. Ал жактан келгенден кийин эмнени үйрөнүп, эмнени билип келгенин бизге айтып, отчет берет. Кээде ошол жактан чакыруу келип, “биз ушундай адистерди даярдап аттык эле. Эгер кызыкдар болсоңор жибергиле” деп кат жолдошот. Бу жагынан куру эмеспиз.

— Эми тил жагына келели. Көп эле ишканалар азыркы учурда иш кагаздарын кыргыз тилинде же эки тилде бирдей алпарууга далалат кылып атышат. Анын ичинен сиздердин комитет бир карыш өйдө турарын жакында эле угуп калдым. Ушу жөнүндө да кыскача токтоло кетсеңиз?

— “Эне тил” деп бекеринен айтпаса керек. Биз эмнебиз менен кыргызбыз? Эне тилибиз менен. Комитетке жумушка келгениме эки жылдын жүзү болуп калды. Ошондо эле “баардык ишкана, мекемелерде иш алып баруу кагаздары кыргыз тилинде жүргүзүлсүн” деген мыйзам чыккан эле. Азыр болгон иш кагаздардын баарын кыргызчага котортуп атам. 2015-жылдан бери жагын. Мындайча айтканда, баардык документтер орус жана кыргыз тилинде катарлаш кетип атат. Азыр эл аралык уюмдар демөөрчүлүк кылып каражат берип калса, аглис тилине да котортуп коёюн деген оюм бар. Ошондо үч тилде болуп калат эле. Комитеттин ичинде эне тилибизге карата иш-чаралар байма-бай өтүп турат. Жылда тил майрамы болот эмеспи. Кыргызча кийинип, элибиздин каада-салтын, үрп-адатын, оюн-зоокторун, анын ичинде улуттук тамактарды даңазалап сынак өткөзүп турабыз.

— Сөзүңүзгө аралжы, кызматтык иш менен чет мамлекетке көп чыгасыз. Эл алдына докладды кайсы тилде окуйсуз?

— Биздин коллегаларга кыргызча эле баяндама кылып, кыргызча эле доклад жасайм. Бирок, ошол баяндамамдын орусча вариантын котормочунун колуна берип коём. Германияда болдум. Алар башка мамлекеттин тилин укканга кызыкдар экен, сүйлөгөндөрү кандай экен дешип. “Аа, кыргыз тили ушундай чыгат турбайбы?” деп эргип угуп отура беришет. Мен ушуну көнүмүш адат кылып алдым. Жакында эле Италияга барганда да кыргызча сүйлөп баштаганда эле кол чаап, кубаттап, аябай жыргашты. Өзгөчө Европа мамлекети орусчага караганда биздин кыргызча сүйлөгөнүбүздү жактырып, анан сый-урматка бөлөп жатып калат. Тилибизде кандайдыр бир жайдары маанай жараткан энергетика бар окшойт деп калдым.

— Билишимче, мамлекеттик бюджеттен бир да мекемеге өзүбүздүн тилди өнүктүрүүгө деп  каражат бөлүнбөйт. Алдыда Айтматовдун 90 жылдыгы турат. Ар бир министрликке, агенттик же комитетке арзыбаган 50-100 миң сом бөлүп, “кыргыз тили күнүн жана Айтматовдун күнүн жакшы деңгээлде белгилегиле!” деп койсо жакшы болот беле?

— Жакшы маселени көтөрүп чыгып атасыз. Ооба, тилибизди өнүктүрүүгө мыкты стимул болмок!

Сурат Жылкычиев

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: