Жакаңы кармабасаң да, таң калууга жетелеген сейрек окуялардын бири болуп Сахара чөлүнө күтүүсүз кардын жаашы болду. Бурганак таң эрте чөлдүн түндүк жагындагы Айн-Сефр шаарына жакын жерде башталып, кар жаай баштаган. Жааган кардын көлөмү да бир топ эле болуп, калыңдыгы 40 сантиметрди түзгөн, бирок күндүн соңу эрий баштаган. Бул чөлкөмдө январь айында такай 6-12 градус жылуу болору бар.
Айтчу нерсе, мындай окуя биринчи жолу катталган жери жок. Өткөн жылы да кар жааган. Бирок ошого чейин 1979-жылынын февраль айында гана кар жааганын бүгүн эскерип айтып жатышат.
Просто Шер
Булак: Кабар
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ