Menu

Билимдүүнү сындырууга билимсиз шоопурдун күчү жеткен жок

Бөлүшүү:

Айтылуу «шоопур», Президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Икрам Илмиянов саясый серепчи, «Улуттар Биримдиги» партиясынын мүчөсү Уран Ботобековго жана «Вечерний Бишкек» басма үйүнө беш млн. сом доо коюп сотко кайрылганы белгилүү. «Улуттар Биримдиги» партиясы Уран Ботобековго каршы сая­сый куугунтукту токтотуу талабын койгон. Бирок, сот ишти Икрам Илмияновдун пайдасына чечип берген. Мындай акыйкатсыздыктан кийин Уран Ботобековдун кабары билинбей, айрымдар аны саясий баш паанек таап, сыртка кетти дешкен.

Тактай кетүүчү жагдай, Уран Ботобеков эч кандай саясый баш паанек издебей эле АКШда илимий ишмердик менен алектенүүдө. Ал англис тилинде илимий макалаларын, серептерин жарыялап, Борбор Азиядагы ислам агымдары, чөлкөмдөгү коопсуздук жана геосаясый көйгөйлөрдү көтөрүп, кыргызстандык илимпоз жана дипло­мат катары ишмердигин улантууда.

Белгилей кетүүчү, кубанычтуу жагдай, Уран Ботобеков Европадагы белгилүү журналдын (the Modern Diplomacy) редакциялык Кеңешине мүчө болуп шайланды.

Кыскасын айтканда билимдүү Уран Ботобековду сындырууга билимсиз Икрам Илмияновдун күчү жеткен жок. Илимпоз серепчи Уран Ботобеков өз ишин улантып, дүйнөгө из калтырууга даалалат жасоодо. Ал эми Икрам Ил­миянов Атамбаевдин интригасынан жогору чыга алган жок. Акыйкат чындык ушундай.

Булак: Кабар

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 42 = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: