Өзбекстан ИИМинин Миграция башкармалыгы каттоо системасынан толугу менен баш тартуу азырынча мүмкүн эместигин билдирди. Мекеме каттоо көйгөйү – өлкө аймактары тең салмактуу өнүккөндө гана өзүнөн- өзү чечилет деп эсептейт.
ИИМдин Миграция башкармалыгынын башчысы Улугбек Ташходжоев системадан толук баш тартуу үчүн ири даярдык керектигин белгиледи.
2018-жылдагы мамлекеттик программага ылайык, паспорт аларда, окууга тапшыруу жана жумушка орношуу учурундагы каттоого байланыштуу чектөөлөр жоюлат. Мындан тышкары мезгилдик жумуш үчүн шаарга келген жарандарды убактылуу каттоого алуу процедуралары жөнөкөйлөштүрүлөт.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ