15-январда Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков спорттогу өзгөчө жетишкендиктери үчүн спортчу Бусурманкул Абдибаит уулун энчилүү саат менен сыйлады.
Ата-мекендик спортчуларыбыз өзүнүн ийгиликтери менен өлкөбүздү таанытып жатканын белгилеген Дастанбек Жумабеков, алардын талыкпас эмгегинин арты менен Кыргызстандын желеги дүйнөнүн ар кайсы бурчунда желбиреп жаткандыгын кошумчалады. Ошондой эле ал Бусурманкул Абдибаит уулуна арбын ийгиликтерди каалап, дагы да алдыңкы орундарды багынта берүүсүн тиледи.
Эске салсак, Бусурманкул Абдибаит уулу кулатуу эр таймашы боюнча (WEF) дүйнө чемпиону, ошондой эле грепплинг боюнча дүйнөнүн жана Кыргызстандын көп жолку чемпиону болуп эсептелет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ