“Акылдуу шаар” долбоорун Кытайдын «Huawei Technologies Со.» компаниясы ишке ашырат. Кыргыз өкмөтү менен бул компаниянын ортосундагы келишимге 11-январда кол коюлду. Кыргыз тараптан долбоор үчүн Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги жооптуу болот. Жол кырсыктарын азайтууга багытталган «Коопсуз шаар» долбоору бир топ жылдан бери ишке ашпай келген. Эми жаңы келишимге ылайык долбоордун алкагында Бишкек жана Ош шаарларына, Бишкек – Ош, Бишкек – Чолпон-Ата, Бишкек – «Манас» аэропорту стратегиялык мааниси бар жолдорго видеокөзөмөл камералары орнотулат. Аны ишке ашырууга болжол менен 60 миллион доллардан ашык каражат жумшала тургандыгы айтылууда. Өкмөт башчысы Сапар Исаков жанына жалаң жаштарды кеңешчи кылып алып, коомчулукта жумушсуздукту жоюуну кеңешчилердин санын көбөйтүү аркылуу чечкени калды деген какшык сынга туш болгон эле. Эми бул долбоорду ийгиликтүү ишке ашырса болгону. Мындан дагы жаза тайып, кепке калбай…
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ