«Республика-Ата-Журт» фракциясынын 12-январдагы жыйынында коррупциялашкан мамлекеттик мекемелердин аттары аталды. 2017-жылы Мамлекеттик каттоо кызматында 28 коррупциялык кылмыш аныкталса, Бажы кызматында эки, энергетика тармагында 16, Салык кызматында үч кылмыш ачыкталган. Ошондой эле УКМКнын Жемкорлук менен күрөшүү агенттиги 2017-жылы жемкорлук боюнча 1миллиард 448 миллион сомдук 210 иш козгогон. Анын 72и кызматына кыянаттык, 14ү акча талап кылуу, 10у бажы жана салык төлөөгө байланыштуу болгон.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ