2017-жылдын 30-декабрында КР МУКК органдары тарабынан террордук топтун активдүү мүчөсү, 1995-жылы туулган КР жараны Ж.С кармалды, – деп билдирди МУККтун пресс-борбору
Кармалган жаран куралдуу жихад идеясын колдоп, республикага террордук актыларды жасоо үчүн, колго жасалган жарылуучу түзүлүштөрдү даярдоо боюнча, “жабык” социалдык-виртуалдык топтун окуусунан өткөн.
Азыркы убакта КР МУКК Тергөө органдары тарабынан КР Кылмыш-Жаза Кодексинин 299-2 беренеси (Экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо, сактоо, жайылтуу, ташуу жана жиберүү, ошондой эле экстремисттик же террористтик уюмдардын символдорун же атрибуттарын атайылап колдонуу) боюнча кылмыш иши козголду.
Кармалган адам КР МУКК ТКЖ киргизилди. Тергөө жүрүп жатат
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ