Menu

Өңгүрөп ыйлаган Бабанов

Бөлүшүү:

“Республика-Ата-Журт” фракциясынын мурдагы лидери Өмүрбек Баба­нов мандатын тапшыруу боюнча арызын жазгандыгы тууралуу учурдагы “Республика-Ата-Журт” фракциясынын лидери Руслан Казакбаев массалык маалымат каражаттарына билдирди. Анын айтымында, ал Бабановдун арыз бергенин көргөн жок, бирок уккан. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов аталган комиссияга бул боюнча арыз түшө электигин айтты. Жыл жаңырганда саясаттан кеткенин айткан Бабанов, мандатын дагы тапшырып берээрин билдирген. Кылмыш иши козголуп, керт башын ойлоп сыртта жүргөн Өмурбек Бабанов ушуну менен чындап саясаттан кетеби, же убактылуу түлкүдөй мант берип жатабы деген суроо коомчулукта арбын талкууланып жаткан кез. Бабанов болсо жакында «Республика-Ата-Журттун» депутаттарын, таасирлүү жакын адамдарын Алматыга чакырып жолугушкан экен. Натыйжада, чакыргандарды силер сатып кеттиңер, туруп бере алган жоксуңар деп сөгүп, көзүнүн жашын көл-шал кылып төгүп, озондоп ыйлаптыр.

Булак: Фабула

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − 44 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: