Menu

Тексттин мазмунун түшүнүү боюнча компьютер адамдан озуп кетти

Бөлүшүү:

Кытайдын Alibaba жана АКШнын Microsoft компаниялары тексттин мазмунун түшүнүү боюнча тестте алардын компьютердик программалары адамдардан озуп кеткенин билдиришти.

Маалыматка караганда, окуган текстти түшүнүү боюнча Стенфорд тестинде программалар нейтрон түйүндөрүнүн (алар көбүнчө «жасалма интеллект» деп аталат) негизинде 82,65 упай, адамдар 82,3 упай алышкан.

Текстти түшүнүү программалары (natural language processing) адамдардын сөздөр менен сүйлөмдөрдүн маанисин түшүнүүсүн тууроого аракет кылышат. Бул тармактын өнүгүшү компьютерлердин суроолорго мындан дагы туура жана так жооп берүүсүнө жардам берет.

Alibaba компаниясынын бул багыттагы изилдөө бөлүмүнүн башчысы, окумуштуу Си Луонун айтымында, эми компьютерлер «жаан кантип пайда болот?» деген өңдүү суроолорго кыйла тагыраак жооп бере башташат.

Жасалма интеллект – заманбап дүйнөлүк илимде эң актуалдуу багыттардын бири.

Азырынча универсалдуу «жасалма интеллект» иштелип чыга элек болгону менен компьютердик программалар нейтрон түйүндөрүнүн негизинде бир канча дисциплина боюнча, анын ичинде шахмат оюнунан тарта образдарды таанууга чейин, эми тексттерди түшүнүүдө да адамдардан ашып кетүүдө.

Программалар ар бир маселе же маселелер топтому үчүн өзгөчө жол менен ири көлөмдөгү маалыматтарда «машыгып», андан соң алгоритмдер окулган же көрүлгөн нерсенин негизинде күтүлгөн жыйынтыктарга кантип жетишүү керектигин түшүнүүгө үйрөнүшөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 42 = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: