Menu

Камактагы чеченстандык укук коргоочу медициналык жардамсыз калууда

Бөлүшүү:

«Мемориал» укук коргоо уюмунун Грозныйдагы өкүлчүлүгүнүн камактагы башчысы Оюб Титиев медициналык жардамсыз калууда. Буга Шали шаарындагы тергөө абактын кызматкерлеринин ага дарыгерди киргизбей жатышы себеп болууда.

Абактын өзүндө медициналык бөлмө жок. Мекеме кызматкерлери тергөөчүнүн буйругу жок экенин жүйө келтиришип, сырттан дарыгер киргизүүдөн баш тартышууда.

14-январда Титиевдин үй-бүлөсү Чеченстандын аймагынан чыгып кетүүгө аргасыз болгону кабарланган.

Укук коргоочунун өзү 9-январда кармалган. Эртеси полиция анын Курчалой айылындагы туугандарын үйүнөн кууп чыкканы маалым болгон. Полиция кызматкерлери Титиевдин уулу Бекхан менен иниси Якубду издеп жүрүшкөнүн, эгер алар өз эрки менен полицияга барбаса туугандарынын башына мүшкүл түшөөрүн эскертишкен. 10-январь кечинде Титиев маңзат сактоого айыпталган. Укук коргоо органдары баштыкка салынган баңгизат анын унаасынан табылганын билдиришкен.

11-январда сот 60 жаштагы Оюб Титиевди эки айга камоо чечимин чыгарган.

Адвокат Петр Заикин Чеченстан полициясы Титиевди күнөөсүн моюнуна алып жалган көрсөтмө берүүгө көндүрүүгө аракет кылып, анын туугандарын коркутушканын билдирүүдө.

11-январда норвегиялык Хельсинки комитети, Кыйноолорго каршы дүйнөлүк уюм, Human Rights Watch, Amnesty International жана FIDH укук коргоо уюмдары биргелешкен билдирүү жасашкан. Анда алар Орусия бийлигинен Оюб Титиевди бошотууну талап кылышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: