Menu

Өзбекстан менен Тажикстан виза чектөөлөрүнөн баш тартууга макулдашууда

Бөлүшүү:

Өзбекстан менен Тажикстан виза чектөөлөрүн алуу боюнча макулдашууда. Келишимге Шавкат Мирзиёев Тажикстанга барганда кол коюлат. Бул тууралуу Тажикстандын туризм комитетинин төрагасы Азиз Абдухакимов билдирди.

Анын айтымында, бул эки өлкө жарандарынын кызыкчылыктарына төп келген өтө олуттуу кадам болуп калат.

“Биз эки өлкөдөгү туугандар бири бирине бат-баттан каттап калат деп ишенебиз. Медицина жана туризм өнүгөт, Тажикстан жарандары Самарканд, Бухара жана Хивага барып калышат”, – деди ал.

Мирзиёев Тажикстанга жаз алды менен барары күтүлүүдө.

Буга чейин Шавкат Мирзиёев Ташкент облусунун элдик депутаттары менен жолугушуу учурунда Өзбекстан менен Тажикстан достук мамилелерди кайрадан калыбына келтирерин билдирген. Ал темир жол, энергетикалык тармактарга тиешелүү макулдашууларга кол коюларын белгилеген.

2016-жылы Душанбеде эки өлкө ортосундагы авиакаттамдарды калыбына келтирүү боюнча протоколго кол коюлган. Учурда тараптар Самарканд, Бухара жана Душанбе ортосундагы учууларды кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн караштырып жатышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − 35 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: