Menu

«Бишкек жылуулук тармагынын» карамагында жылуулук кубурларын алмаштыруу үчүн 200 млн доллар көлөмүндө каражат табуу кажет

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насостук станцияларды реконструкциялоо жана куруу долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын, “Бишкекжылуулуктармагы” ААКсынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насостук станцияларды реконструкциялоо жана куруу долбоору боюнча грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун жактырды.

Келишимге ылайык, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан кыргыз тарапка бериле турган жеӊилдетилген насыя каражатынын жалпы көлөмү – 7 млн 200 миӊ доллар. Ал толугу менен «Бишкек жылуулук тармагынын» карамагындагы оӊдоо иштерине жумшалмакчы.

Ушу тапта «Бишкек жылуулук тармагынын» карамагында жалпы узундугу 430 чакырым келген жылуулук кубурлары бар, анын 328 чакырымы же 70 пайызы алмаштырылууга муктаж. «Аларды алмаштыруу үчүн 200 млн доллар көлөмүндө каражат табуу кажет. Ошондон улам, Дүйнөлүк банктык каражаты тартылууда», – дейт дейт ААК баш директорунун орун басары Уран Раимбердиев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − 68 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: