Menu

Сузак районунда элдик жыйын өттү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 16-январда Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында облустук жана райондук жетекчилердин катышуусунда райондун айыл аймактарынан келишкен өкүлдөрдүн катышуусунда элдик жыйын болуп өттү. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады. Элдик жыйындын ишине ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков, облусттук тармактардын жетекчилери катышты. Элдик жыйындын катышуучуларына Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Эрмекбай Омошев 2017-жылы райондун социалдык-экономикалык тармагында аткарылган иштер туурасында кыскача маалымат берди.

Бүгүнкү элдик жыйын Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаковдун тапшырмасы жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун жарлыгына ылайык “2018-жыл – Региондорду өнүктүрүү жылы” деп жарыялангандыгына карата өткөрүлүп жатат. Өткөн жылды райондун эли жакшы көрсөткүчтөр менен жыйынтыктады. Республикалык бюджет 120 млн 796 миң 580 сомго аткарылып, план тапшырма 104 пайызга аткарылды. Ал эми жергиликтүү бюджет 167 млн. 852 миң 790 сомго аткарылып, план тапшырма 105 пайызга аткарылды. Социалдык фонд 102 пайызга аткарылып, болгону Көк-Жаңгак шаарында элге кызмат көрсөтүү болгону 94 пайызга гана аткарылып калды. Өткөн жылы Ырыс айыл аймагына караштуу Кыр-Жол айылында жаңы 150 орундуу Карабаев орто мектеби жана Атабеков айыл аймагынын Жийде айылында жаңы Жунусов атындагы 275 орундуу жалпы билим берүүчү орто мектеп бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди,- деди Сузак районунун аким Эрмекбай Омошев.

Элдик жыйында турак-жайларды камсыздандыруу компаниясынын областтагы өкүлү Закиржан Анарбаев өткөн жылда аткарылган иштер туурасында маалымат берип, элдик жыйындын катышуучулары тарабынан берилген бир катар суроолоруна жоопторду берди. 2017-жылы Сузак району боюнча 2454 турак жайлар милдеттүү камсыздандырылуудан өткөрүлгөн. Ал эми облус боюнча 10 миңге жакын турак-жайлар милдеттүү камсыздандырылуудан өткөн. Элдик жыйындын катышуучуларынын суроолоруна КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынын башчысы, подполковник Дайырбек Каримов, облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Маматжан Миянов, облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Зайырбек Кыралиев, “Жалал-Абадэлектро” ААКсынын директору Кеңешбек Мамырканов элдик жыйындын катышуучулары тарабынан берилген ондогон суроолорго жоопторду беришти. Көк-Арт дарыясынын жээктерин бекемдөө, дамбаларды куруу жана сел коркунучтарынын алдын алуу, жазгы талаа жумуштарына карата ирригациялык каналдарды тазалоо, мектептердин капиталдык ремонтун жүргүзүү багытындагы суроолор элдик жыйындын катышуучулары тарабынан көп берилди жана бул багытта аткарылуучу милдеттер менен максаттар туурасында жетиштүү маалыматтар берилди.

Сузак районунда өткөн элдик жыйындын ишин ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков жыйынтыктады. Өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков өзгөчө белгилеп кеткендей азыркы учурда облустун район-шаарларында жазгы талаа жумуштарына даярдык көрүү, малдын асылдуугун жакшыртуу жана идентификациялоо, ирилештирилген айыл чарба кооперативдерин түзүү багытындагы иш аракттер жандуу жүргүзүлүп жатат. Бул жумуштарды аткарууда “Жаңы доорго – кырк кадам” долбоорунун алкагында “Таз коом” программасы түздөн-түз жетекчиликке алынып жатат.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: