Menu

Өндүрүш Токтонасыров, укук коргоочу: “Бийлик Дача СУнун элин да экиге бөлүп, аларды бири-бирине карама-каршы коюп жатышат”

Бөлүшүү:

“Мен Дача СУга 13-январдан бери күндө келип жатам, бүгүн, 16-январда да ошол авиакырсыктын 1 жылдыгын эскерүү иш чараларына катышайын деп келгем. Бирок, бийлик Дача СУнун элин да экиге бөлүп салыптыр, эми аларды бири-бирине карама-каршы коюп жатышат”, – деп билдирди  укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров бүгүн Кyrgyztoday.кg маалымат агенттигине.

“Мына, бийликтин тилинен чыкпагандарды, ал учактагы каргашалуу жүк кимдики экенин сурабагандарды атайын “Манас” аэропортунун автобустары менен Бишкектен бери алып келишип, бул жерден куран окутуп алып эле кайра автобустарга салып, тамак бергени шаарга алып кетишти. Ал эми бул жерде болсо бийликтин бал тилине кирбегендер, каргашалуу жүктүн ээси ким экендигин айтууну талап кылгандар өз алдынча чогулушуп, кан чыгарып, куран окутуп, дасторкон уюштуруп, каргашанын бир жылдыгын белгилеп жатышат. Алтургай бийликчилдер атайын чагымдарды да уюштуруп коюшуптур, мен бул жерде интервью берип жатсам бир Венера Шейшенова деген келин ОБОНчосунан алкынып: “Сиз эмне элдин атынан сүйлөп жатасыз?” деп айкырат. Ай ботом, мен деле ушул өлкөнүн жаранымын да, менин да өз позициямды айтканга укугум бар да. Эмне ошол Венера Шейшеновалар эле Дача СУ окуясын монополдоштуруп, өздөрү бөктөрүп басып алышканбы? Кыргызстандын ар бир жараны бул окуя боюнча өз оюн айтканга укугу бар. Анан бул жерде бийлик журналисттерди да коркутуп алышыптыр, баары эле: ”Бийликке сын эмес, позитивдүү бир нерсе айтсаңыз интервью алалы дедик эле” дешет. Ботом, сөз эркиндиги деген кайда калды? Биз эми өз оюубузду да айта албай калдыкпы? Менин айтайын дегеним, биз каргашалуу жүктүн ээсинин аты аталып, күнөөлүүлөр толук жазаланмайынча көксөөбүз суубайт, күрөшө беребиз,” – деди укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: