Menu

Депутаттар кумарканаларды кайра иштетүүнү козгошууда

Бөлүшүү:

10-январда Жогорку Кеңеш төртүнчү вице-премьер-министр кызматына Санжар Муканбетовдун талапкерлиги каралып жатканда депутаттар Муканбетовго карата суроо салышты.

Анда депутат Эмил Токтошев өлкөдө казино, кумар оюндарына уруксат берүүгө Муканбетовдун көз карашы кандай экенине кызыкты. «Кумар оюндарына бизде тыюу салынып калды. Коңшу Казакстанда, Орусияда уруксат берилген. Эгер өлкөдө казино, кумар оюн­дарына уруксат берсек, бул бюджетке киреше алып келеби?» деп сурады Токтошев. Муканбетов болсо «кумар оюндарына карата саясый чечим кабыл алынып калган. Өкмөт аткаруучу орган. Мыйзамда кандай жазылган болсо, биз аны аткарабыз. Эгер буга уруксат берилсе, бюджетке киреше алып келет» деп жооп берди.

Ушул эле казино, кумар оюндарына уруксат берүү боюнча суроо менен Муканбетовго депутат Бакирдин Субанбеков да кайрылып, ушул эле жоопту алды. Айтор бул суроо узатуулардын артында дагы бир жыландын башы кылтыйгансып турат…

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 88 = 95

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: