Тажикстанда Коррупция менен күрөшүү жана мамлекеттик каржы көзөмөлү агенттиги шаар мэриясын пландан тышкары тешкерүүгө өттү.
Каржы-чарбалык текшерүү жылына эки сапар өтүп турат, кийинкиси 2018-жылы майда болмок. Бирок айрым жарандардын арыздануусунан улам мэр Рустами Эмомали пландан тышкары текшерүү жүргүзүүнү тапшырды.
Мэриядан кабарлашкандай, текшерүү – бюджеттик каражаттын максаттуу жана ачык-айкын колдонулушун камсыздоого багытталган.
Бир жыл мурун Коррупцияга каршы агенттик жарандардан бюджеттик каражаттарды жымыруу боюнча арыздар түшүп жатканын билдирип, шаардык мэрия текшерилерин жарыялган. Душанбе шаарынын мурдагы башчысы Махмадсаид Убайдуллоев отставкага кетери менен “Истиклол” медициналык комплекси, “Душанбе-Плаза” жана бюджеттик турак-жайлардын курулушу боюнча иликтөөлөр башталган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ