Menu

Алтайда Путинге кол топтоо үчүн кишилерди автобус менен ташышууда

Бөлүшүү:

Орусиянын Бийск шаарындагы муниципалдык телеканал президентикке талапкер Владимир Путиндин талапкерлигин колдоп кол топтолуп жаткан жайга студенттер менен завод жумушчулары уюшкандык менен жеткирилип жатканын билдирди.

Телеканалдын сюжетинде кол топтоо жайларынын бири Бийск заводунун маданият жана спорт сарайында уюштурулганы айтылат.

Анда сүйлөгөн завод жумушчуларынын биринин айтымында, каалаган кызматкер кол топтоо жайына барып келиши үчүн атайын транспорт уюштурулган.

Сюжетте журналист кол топтоо жайы төрт күн иштегенин, бул арада шаардагы ишканалардын дээрлик бардык жумушчулары жана окуу жайдын студенттери өзүн өзү көрсөткөн Владимир Путинге колдоо көрсөтүшкөнүн айтты.

Орусияда президенттик шайлоо 2018-жылы 18-мартка белгиленип, шайлоо өнөктүгү былтыр 18-декабрда башталган. Талапкерлердин арасында учурдагы президент Владимир Путин, журналист Ксения Собчак, президенттин ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча өкүлү Борис Титов, “Яблоко” партиясынын өкүлү Григорий Явлинский ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский, КПРФ партиясынын өкүлү Павел Грудин жана башкалар бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: