Menu

Түркия Сириядагы жаңы күрд аскер күчтөрүн жок кыларын билдирди

Бөлүшүү:

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган АКШнын колдоосу алдында түзүлгөн коопсуздук күчтөрүн кескин сынга алды. 30 миң кишиден турган топ сирия-түрк чек арасындагы күрд райондорун коргоого алары күтүлүүдө.

Дүйшөмбүдө Анкарадагы митинг учурунда сөз сүйлөгөн Эрдоган түрк бийлиги союздаш деп эсептеген өлкө Түркиянын коопсуздугуна коркунуч жарата турган террордук армия түзүүдө деп билдирди. Эрдоган АКШнын демилгеси менен Сириянын түндүгүндө түзүлгөн бирикмени “түйүлдүк” кезинде жок кыларын эскертти.

Сирия өкмөтү дагы күрд бирикмелерин түзүүнү айыптап, аларды жок кылуу менен бирге болжол менен 2 миң кишиден турган америкалык аскер контингентин өлкөдөн кууп чыгарын айтты. Дамасктын союздашы Орусия Американын бул планын Сирияны “жиликтөө” жана анын аймагында америкалык көзөмөлдү орнотуу деп мүнөздөдү.

Дээрлик сегиз жылдан бери Сирияда АКШ жана Түркия аскерлери Асаддын режимине каршы иш жүргүзүп келишкен. Вашинготон күрд аскерлеринен куралган Сириянын демократиялык күчтөрүн колдоп баштагандан кийин тараптардын ортосунда ажырым пайда болгон. Сириянын демократиялык күчтөрү Түркия, Ирак жана Сириянын өзүндөгү күрд калкын коргорун билдирип келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: